«Медиа Полиси Институту» Кемпир-Абад ишинин фигуранттарын бошотууну суранды

«Медиа Полиси институту» Кемпир-Абад иши боюнча кармалган Конституциялык соттун мурдагы судьясы Калара Сооронкулованы, БШКнын мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаеваны, ошондой эле укук коргочулар Асия Сасыкбаева менен Рита Карасартованы абактан бошотууну суранды.

Уюм аялдар кооптуу кылмышкер, террорист же экстремист эместигин белгиледи. Алар, юристтердин пикиринде, болгону тынч жол менен чогулуу жана биригүү эркиндиги укугун ишке ашырууга белсенишкен.

«Ал тургай, Клара Сооронкулованы, Гүлнара Журабаеваны, Асия Сасыкбаеваны, Рита Карасартованы камакка алуу жөнүндө чечимди кабыл алууда тергөө органдары жана сот алардын балдары бар болгонун, жаш курагын, коомго сиңирген эмгегин, туруктуу жашаган жери бар болгонун эске алышкан эмес», — деп айтылат кайрылууда.

Ушул себептерден улам «Медиа Полиси Институту» бийликтен иштин фигуранттары үчүн эркиндиктерин чектөөгө байланышпаган бөгөт чарасын колдонууну суранды — үй камагы же эч жакка кетпөө тил каты.

Кайрылууга 60 киши кол койгон, алардын ичинде көз карандысыз журналисттер, медиаэксперттер жана маалымат каражаттарынын башкы редакторлору бар.

Кармалган аялдар

2022-жылдын октябрында Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга берүүгө каршы чыккан 30 адам кармалган, алардын ичинен алтоо — аялдар. Алардын ичнен дагы экөөсүн — экс-депутат Орозайым Нарматова менен активист Перизат Суранова саламаттыгы кескин аначарлап кеткендиктен үй камагына чыгарылган. Ошондой эле учурда Клара Сооронкулова ооруканада, бирок дарыланып бүткөндөн соң кайра ТИЗОго кайтарылышы керек.

Кармалгандардын баары массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн делип айыпталышууда.

Президент Садыр Жапаровдон фигуранттарды бошотууну бир нече ирет суранышкан, бирок ал кимдир бирөөнү бошоткула деп буйрук бере албасын билдирген. Президент бул иш боюнча судьялардын ишине эч ким кийлигишпегенин айтып ишендирүүдө.

Ал Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткандар «төңкөрүш жасоону пландашканы үчүн түз эле барып түрмөгө түшүшкөн» деп билдирген. Анын айтымында, айыпталгандар төңкөрүш жасоо пландары, канча адам чогултуу керектиги талкууланган чогулушка барышкан.