«Рухий Мурас» конушунда сот чечиминен улам үйүнөн чыгарылган үй-бүлө президентке кайрылды

9-мартта соцтүйүндөрдө милиция «Рухий Мурас» жаңы конушунда бир үй-бүлөнү мажбурлап үйүнөн чыгарып жаткан видео тарады. Окуя өзү 7-мартта болгон.

Үй ээсинин баласы жакындары бул үйдө 2005-жылдан бери жашаарын айтып берди. Жаш жигит үй-бүлөсүнү «соттун акыйкатсыз чечиминен улам» көчүрүп жатат деп эсептейт. Ал президент Садыр Жапаровго кайрылып, окуянын чоо-жайын териштирүүгө жардам сурады.

«Буга кошуналарымдын баары күбө. Кийим-кечектерибиз менен чыгарып, үйдү жаап салды. Ичине атайын көзөмөл кароол коюшту. Өзүбүздүн үйгө өзүбүз кире албайбыз. Өзүмдүн эки балам жана ата-энем болуп, кошуналар тигип берген боз үйдө аргасыз жашап жатабыз», — деди ал.

Үй ээси үй-бүлөсү менен шылуундардын кылтагына илингенин айтты. Ошондой эле, буга чейин маморгандарга жамдам сурап кайрылып, бирок эч кандай реакция болбогонун да кошумчалады.

«Керек болсо, [башкы прокурор] Курманкул Зулушевге, президентке дагы арыз менен кайрылганбыз, бирок эртеси эле эч кандай жыйынтык жок. Мына акыркы жыйынтык кечээ ушинтип көчөдө калдык. Аба-ырайы минтип бузулуп жатат, а менин алты неберем бар. Алардын баары көрүнгөн жерде [баш калкалап жатат], дагы жакшы эл бар экен, ошолорго рахмат. Түнү менен биз менен болушту. Ушундай абалда турабыз», — деп билдирди үйдүн ээси.

Ал эми Жогорку соттон бул окуяга реакция кылып, үй-бүлө эмне себептен үйүнөн чыгарылганын айтып беришти. Соттун басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, үй-бүлө Октябрь райондук сотунун 2013-жылдын май айында чыгарган чечиминин негизинде үйүнөн чыгарылган.

Башында сот үй-бүлөдөн 574 миң сом карызды өндүрүү чечимин чыгарган. Бирок кийинчерээк сот аркылуу кайрылган жаран ал сумманы 660 миң сомго көбөйткөн.

Ал эми 2018-жылы арыз берүүчү соттон карызды өндүрүүнүн ыкмасын өзгөртүүнү жана карыз болгон тараптан үйүн тартып алып, аларды көчүрүп чыгарууну суранган. Жогорку соттун маалыматына караганда, үйдөн чыгарып жатканда үй-бүлө мүчөлөрү милицияга каршылык көрсөткөндүктөн үй ээси кармалган.

«Карыз болгон кишинин баласы менен аялы каршылык көрсөтүштү. Алар түшүндүрүү жумуштарынан кийин гана үйдөн чыгарылып, кошуналарынын үйүнө сактоо үчүн алып кеткен үйдөгү бардык буюмдардын тизмеси түзүлгөн. Ошондой эле, карызын төлөбөгөн тарапка керектүү буюм-тайымдары да берилген. Жыйынтыгында бош калган үй доогерге өткөрүлүп берилип, жаңы кулпу салынган», — деп билдиришти Жогорку соттон.

Бул Бишкектин четиндеги үйдөн көчүрүү боюнча резонанстуу болгон биринчи эле учур эмес. 3-мартта Ак-Ордо жаңы конушунда Марал Шаболотованын үйүн кошунасы түрттүрүп салган. Анда ал жолдошу жана жашы жете элек төрт баласы менен жашачу. Шаболотова жер тилкесин талашып кошунасы менен 2018-жылдан бери соттошуп жүргөнүн, 2022-жылдын октябрында Жогорку сот коңшусунын пайдасына чечим чыгарганын, эми ал үйдү сүрдүрүп салганын айтып берген.

Төрт балалуу аял президентке жана жердештерине жардам сурап кайрылып, башка бара турган жайы жок экенин айткан. Көп өтпөй Ак-Ордо конушуна президент өзү барып, ошол эле жерге жаңы үй куруп берүүнү тапшырган.

Ошондой эле мамлекет башчы өзүнүн Чүй облусу боюнча ыйгарымдуу өкүлү Нурил Алымбаев менен Сокулук районунун акими Курманбек Айтибаевди жер амнистиясын ишке ашыруу боюнча жетиштүү эмес иши үчүн кызматтан бошоткон.