Ак-Ордо конушундагы үйү сүрдүрүлгөн аялга кайрадан там салына баштады

Төрт баласы менен жашаган үйү сот аткаруучулардын чечими менен сүрдүрүлгөн Ак-Ордо конушунун тургуну Марал Шаболотовага ошол эле жерге там салына баштады. Бул тууралуу үй ээси «Азаттыкка» айтып берди.

Шаболотова 8-мартта ага президенттин администрациясынан чалып, эски үйүнүн ордуна келүүнү өтүнүшкөнүн билдирди. Анын айтымында, жер тилкесин мыйзамдуу алганы жана талашып жаткан кошунасы Толкун Самудинованын кызыл китеби жараксыз экени тастыкталган.

«Мен төрт балам менен убактылуу батирде туруп жатам, ал жакка өкмөттөн киргизишкен. Бүгүн, 8-марттан баштап эски үйдүн урандыларын тазалап, ордуна жаңы там тургузуу иштери башталды. Мен буга чейин тилкемди жер мунапысына ылайык менчиктештирүүнү көздөп документтеримди топтогон элем», — дейт Шаболотова.

Ошондой эле, элге, жалпыга маалымдоо каражаттарына ыраазычылыгын билдирди.

Марал Шаболотованын үйү кошунасы жазган арыздын негизинде 1-март күнү кечинде бузулуп, төрт баласы менен «көчөдө калган». Кайдыгер карабагандар убактылуу баш калкалоо үчүн боз үй тигип беришкен.

Ал эми Жогоку соттон Шаболотова үйдү мыйзамсыз куруп алган деп билдиришкен. Бийлик өкүлөрү окуянын мыйзамдуулугун иликтей турганын айтып, минкабдын төрагасы Акылбек Жапаровдун жардамы менен жаңы үй куруп берүүнү убадалашкан.

Андан соң, 5-мартта президент Садыр Жапаров Ак-Ордо конушуна башкы прокурор Курманкул Зулушев менен бирге келген. Ал үйү бузулган Марал Шаболотовага Бишкектен батир берүүнү убадалаган.

Ал эми 6-мартта Садыр Жапаров «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» мыйзамдын аткарылышы боюнча жумушчу кеңешме өткөрүп, Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүн жана Сокулук районунун акимин кызматтан алууну тапшырган.

Аны менен катар, кеңешмеде «Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомунун 27-пунктун алып салуу маселесин кароону дайындаган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Садыр Жапаров үйү түрттүрүлүп, төрт баласы менен көчөдө калган аялдын окуясын териштирүүнү убадалады

Ак-Ордо: Кошунасы жазган арыздын негизинде үйү буздурулган аял төрт баласы менен көчөдө калды