«Абдукадыр — демөөрчүлөрдүн бири». Президент Матраимовдун бизнес-өнөктөшү тууралуу үн катты

11-мартта президент Садыр Жапаров Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү көп тармактуу комплекстин жана ири мечиттин курулуштарындагы сүрөттөрдө байкалган ысымы чуу жараткан бизнесмен Хабибулла Абдукадыр боюнча үн катты.

Президент өлкөгө инвесторлорду чакырганын белгилеп, алардын арасында Хабибулла Абдукадыр дагы бар экенин тастыктады.

«Бишкекке баш-аягы 1,5 миллиард доллар инвестиция салышат. Мунун эмнеси жаман? Ал эми мурдагы президенттер менен кандай мамиледе болгону мени кызыктырбайт. Эң негизгиси кылмыш иши жок болсо, издөөдө жок болсо болду», — деди Жапаров.

Аны менен катар ал, «интрига кылган» журналисттердин же саналуу адамдардын сын-пикирлеринен коркпогонун айтты. «Эң негизгиси жаман иш жасап, коррупцияга аралашып кетпесем болдубу?» деп суроо салды өлкө башчысы.

Буга чейин президенттин маалымат кызматы бул долбоорлорду чет элдик инвесторлор куруп баштаганын айтып, бирок кимдер экенин ачыктаган эмес.

Ал эми «ПолитКлиника» басылмасы Хабибулла Абдукадырдын капсула салуу иш-чараларында жүргөнүнөн улам иликтөө жасаган. Иликтөөдө Бишкекте курула турган эки ири долбоорго тең Абдукадырдын тиешеси бар экендиги аныкталган.

Басылма мечит курула турган Орто-Сай айылындагы жер тилкеси мурдагы премьер-министр Данияр Үсөновго таандык болгонун да жазган.

Көп тармактуу комплекс жана мечит

10-мартта президент Бишкекте салына турган эки чоң долбоордун курулушуна капсула салган. Биринчиси — 321 млн долларлык көп тармактуу комплекс. Экинчиси — 51 млн доллар турган Орто-Сай айылындагы жаңы мечит.

Бул эки долбоордун тең капсула салуу аземиндеги сүрөттөрдө уйгур бизнесмени Хабибулла Абдукадыр байкалган. Ал — бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бизнес-өнөктөшү.

Журналисттер Абдукадырдын жардамы менен ири контрабанда жүргүзүлүп, Кыргызстандан 700 миллион доллар чыгарылып кеткенин аныкташкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Миллиондор изи: Абдукадыр кланынын сансыз мүлкү