Бишкекте 321 миллион долларга бааланган көп тармактуу комплекс курулуп баштады

Президент Садыр Жапаров 10-мартта Бишкектеги курула турган көп тармактуу комплекстин пайдубалына капсула салды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Комплекс буздурулган Нарын ресторанынын ордунда жайгашкан. Имаратта 296 номери бар беш жылдыздуу мейманкана, 444 батир, 1200дөн ашык автоунаа үчүн жер астындагы унаа токтотуучу жайлар каралган. Долбоордун жалпы баасы — 321 миллион доллар.

Долбоордун катышуучулары болуп эл аралык компаниялар ТОО «Feb group» филиалы, Hyper Partners, ARIYA, Core Architecture жана «Gurgoli» (Түркия) курулуш компаниясы саналат.

Жапаров учурда курулуш тармагынын тез темп менен өнүгүшүнө салым кошуп жаткан бир катар ири курулуштар жүрүп жатканын айтты. Ал өлкөгө инвестиция салам деген ички-сырткы инвесторлордун баарына дагы бир жолу кайрылды.

Президент мамлекеттик саясат инвесторлордун «каалаган тармакта ийгиликтүү иш алып барышына жагымдуу шарттарды түзүүдө» турганын белгиледи. Анын айтымында, инвесторлорго ар тараптан жеңилдиктер бар — мамлекет жер участокторун бекер берүүгө, бажы алымдарынан жана салык төлөөдө жеңилдиктерди берүүгө даяр.

«Эң башкысы бизде туруктуулук орноду, жарандарыбыз өлкөдө туруктуулук болмоюнча алга жылуу болбостугун абдан жакшы түшүнүп калышты», — деди өлкө башчысы капсула салуу аземинде.

2021-жылдын ноябрында бийлик «Бишкек Сити» эл аралык ишкердик борборун кура тургандыгы белгилүү болгон. Ал эми декабрда Министрлер кабинети аталган борборду куруу үчүн мамдирекция түзгөн.

ТЕМА БОЮНЧА:

Садыр Жапаров капсула салып жаткан объектилердин баары бүткөрүлөт деп ишендирди