Өкмөттүн курамында бир гана аял калды. Жапаров Динара Кутманованы кызматтан алды

Президент Садыр Жапаров Динара Кутманованы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин бошотуу жөнүндө буйрукка кол койду. Кутманова бул кызматка 2021-жылдын октябрь айында дайындалган, анын кызматтан алынышынын себеби айтыла элек.

Кутманова кызматынан бошотулгандан кийин, минкабда министрликти жетектеген бир гана аял — саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова калды.

Жапаров жаратылыш ресурстары министринин милдетин аткаруучу кылып Мелис Тургунбаевди дайындады. Президент макулдашуу үчүн анын талапкерлигин парламентке сунуштады.

Ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, Тургунбаев 2013-2017-жылдар аралыгында «Кыргызмунайгаздын» директорлор кеңешинин курамында иштеген, ал эми 2017-жылы компаниянын директорлор кеңешинин төрагасы болуп дайындалган.

2022-жылдын майында жалпыга маалымдоо каражаттарында Тургунбаев «Кыргыз инвестициялык-кредиттик банкынын» (KICB) башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалганын билдирген.

Кутманова тууралуу эмне белгилүү?

Кутманованын аты Кумтөр алтын кенине тышкы башкаруу киргизилгенден кийинки чырга байланыштуу көп айтылып жүрдү.

«Кумтөр голд компании» компаниясына 261,7 млрд сом төлөтүү талабы менен сотко кайрылгандардын арасында Кутманованын уулу да болгон. Алар Кумтөр кенин иштетүүдө чыккан калдыктарды Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнө төгүүнү мыйзамсыз деп таанууну талап кылышкан. Бишкектин Октябрь райондук соту «Кумтөр голд компанини» аталган сумманы төгүп берүүгө милдеттендирген.

Кенди иштеткен «Кумтор голд компани» канадалык Centerra Gold Inc. компаниясынын туунду ишканасы болчу. Дал ошол соттун чечиминен улам кыргыз өкмөтү кенге тышкы башкаруу киргизген.

Парламентте кенге тышкы башкаруу киргизүүмаселеси талкууланып жатканда Динара Кутманова канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Кыргызстандын экологиясына келтирген зыян боюнча далилдөөчү бардык документтер бар деп айтып чыккан.

Кийин кен Кыргызстандын карамагына өткөн — ошол эле маалда мамлекет Centerra Gold Inc’деги акцияларынан баш тарткан жана азыр кенди кайра иштетүү иштери аяктагандан кийин рекультивация иштеринен баштап өзү жүргүзүшү керек.

Дагы окуңуз:

«Аялдарга эмне жок?» «Клооптун» өкмөттөгү теңсиздик жөнүндө изилдөөсү