Динара Кутманова: Бекем орногон коррупцияга каршы турдум, күрөш уланат деп үмүттөнөм

Мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова Фейсбук барагына мекеменин башчысы кызматында тургандагы жетишкендиктери тууралуу пост жазды. Билдирүү министрликтен кеткендин эртеси жарыяланды.

Жетишкендиги катары Кутманова мекеменин ичиндеги «бекем орногон система менен күрөшкөнүн» белгиледи.

«Мен бул ишке өз салымымды коштум. Бул тармакка келгенимде мындагы башаламандыкка, туруктуу коррупциялык система орногонуна таң калдым. Биринчи кезекте мекеменин ичинде саботажга кабылдым — кызматкерлер өзгөрүүлөргө бут тосуп жатышты. Анткени алар көп жылдардан бери бул жерде иштеп, калыптанган коррупциялык схемага эркинен тыш аралашып калган», — деп жазды Кутманова.

Анын айтымында, мындай министрликтин түзүлгөнү өлкө үчүн чоң жетишкендик болуп эсептелет. Анткени мекеме «азыр дагы, кийинки келечекте дагы Кыргызстандын калкынын кызыкчылыктарын чагылдырат».

Президент Садыр Жапаров 15-мартта Динара Кутманованы Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин башчылыгынан бошоткон. Кутманова бул кызматты 2021-жылдын октябрынан бери аркалап келген — дал ошол учурда аталган мекеме түзүлгөн.

Кутмановага карата сындар

Президент Кутманованы эмне үчүн кызматтан алганын ачыктаган эмес. Бул мекемени жетектөөнү Мелис Тургунбаевге тапшырган. Парламент анын талапкерлигин жактырган.

Отун энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитетинин 14-марттагы жыйынында депутат Эмил Токтошев Кутманованын жаратылыш ресурстары министри кызматындагы иши боюнча терс пикирин билдирген. Ал мекемедеги экология менен токой чарбасын бириктирип, жаратылыш ресурстары багыттарын бөлүүнү сунуштаган. Ошондой эле, Кутманова «булардын баарын жетектөөгө күчү жетпейт» деп айткан.

Динара Кутманова ага оор жумуштан коркпой турганын айтып жооп берген.

«30 жылдан бери ушул башаламандыкка алып барып, кыйратып иштеген жетекчилер болсо ушундай абалга алып келбейт болчу да. Мен бир жылда иштеген ишим тарыхта калат деп ойлойм. Анткени мен документалдуу баарын тактап койдум. Ар бир текшерүүгө буйрук, кызматтык иликтөө жана маалым кат толтура. Анан кийин тарых өзү талдайт, ким кандай иш кылып жатат. Бирок ошол эле учурда азыр айтып жатасыз, бөлүп. Азыр баарын калыбына келтирип, бир жылда баарын иретке келтирип коёюн, өткөрүп берем, сольдо менен. Мен бул тармакка жабышкан жокмун. Бирок азыр жарым-жартылай таштап салганда кайра эле ошондой ахыбалга түшөт, ошондойду эңсегендер толтура, ошолор чуркап жазып [сын, арыздарды] атышат», — деген Кутманова ага жооп кылып.

Токтошев Кутманованын иши тууралуу пикирин билдирген жалгыз депутат эмес. Февралда Жеңишбек Токторбаев мекемеде Кутманованы ханыша деп аташа турганын айткан.

«Министрликте сизди “ханыша” деп аташат экен. Ошондуктан азыр сизге кантип кайрылууну ойлонуп калдым. “Урматтуу министр” деппи, же “урматтуу Динара Асиевна” деп, же “ханыша” деппи», — деген депутат.

Андан кийин эл өкүлү дароо эле Кутмановага командировкаларга өзүңүздүн эсепке барасызбы деген суроо берген. Кутманова командировкаларга чакырган тараптын эсебинен барарын айткан.

Кутманова тууралуу эмнелер белгилүү?

Сүрөт Кутманованын Фейсбук барагынан алынды.

Кутманованын аты Кумтөр алтын кенине тышкы башкаруу киргизилгенден кийинки чырга байланыштуу көп айтылып жүрдү.

«Кумтөр голд компании» компаниясына 261,7 млрд сом төлөтүү талабы менен сотко кайрылгандардын арасында Кутманованын уулу да болгон. Алар Кумтөр кенин иштетүүдө чыккан калдыктарды Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнө төгүүнү мыйзамсыз деп таанууну талап кылышкан. Бишкектин Октябрь райондук соту «Кумтөр голд компанини» аталган сумманы төгүп берүүгө милдеттендирген.

Кенди иштеткен «Кумтор голд компани» канадалык Centerra Gold Inc. компаниясынын туунду ишканасы болчу. Дал ошол соттун чечиминен улам кыргыз өкмөтү кенге тышкы башкаруу киргизген.

Парламентте кенге тышкы башкаруу киргизүүмаселеси талкууланып жатканда Динара Кутманова канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Кыргызстандын экологиясына келтирген зыян боюнча далилдөөчү бардык документтер бар деп айтып чыккан.

Кийин кен Кыргызстандын карамагына өткөн — ошол эле маалда мамлекет Centerra Gold Inc’деги акцияларынан баш тарткан жана азыр кенди кайра иштетүү иштери аяктагандан кийин рекультивация иштеринен баштап өзү жүргүзүшү керек.

Дагы окуңуз:

Өкмөттүн курамында бир гана аял калды. Жапаров Динара Кутманованы кызматтан алды

«Аялдарга эмне жок?» «Клооптун» өкмөттөгү теңсиздик жөнүндө изилдөөсү