Прокурор «Дөө Чыңгыздын» өлүмүнүн жаңы версиясын айтты

16-мартта Октябрь райондук сотунда киши колдуу болгон Дөө каймана аттуу кримтөбөл Чыңгыз Жумагуловдун иши боюнча кезетеги отурум болду. Мамлекеттик айыптоочунун версиясы боюнча, Жумагулов менен бир камерада отурган Доронбек Асанбек уулу кримтөбөлдүн камерасына кол салгандарды киргизип жиберген ТИЗОнун кызматкерлеринин айыбын жашыруу үчүн күнөөнү мойнуна алган.

Жумагуловду кантип өлтүргөн? Мамлекеттик айыптоочунун версиясы

АКИpress басылмасы соттогу мамлекеттик айыпталуучуга таянып, кримтөбөлдүн өлүмүнүн жаңы версиясын айтып чыкты.

Прокурордун айтымында, 2022-жылдын 30-июль күнү эртең менен абакта жаткан Данияр Шүкүров аттуу киши ТИЗОнун кызматкери Таалайбек Айталиевге кайрылып, өзүн жана коштогон төрт кишини Жумагуловдун камерасына киргизүүнү суранган. Алар кримтөбөл менен учурашып чыгабыз дешкен.

Мамлекеттик айыптоочу Шүкүров ТИЗОдо «положенец» — бүткүл мекемедеги тартипке көз салган жооптуу киши экенин белгилейт.

Айталиев Шүкүровдун өтүнүчүн ТИЗО-1дин ыкчам бөлүмүнүн башчысынын орун басары Турусбек Жусуповго билдирген. Жыйынтыгында ал камактагыларды Жумагуловдун камерасына киргизүүгө уруксат берген.

Арадан 40 мүнөт өткөндөн кийин, алар кримтөбөлдүн камерасынан баштыктарды көтөрүп чыгып кетишкен. Мамлекеттик айыптоочунун версиясында, бул аралыкта камактагылар Жумагуловго бир канча жолу бычак сайып, өлтүрүп коюшкан.

«Шүкүров 2000-жылы туулган Сыймык Биримкулов күнөөнү мойнуна алат деп макулдашкан. Бирок кийин айыпты кримтөбөл менен бир камерада отурган 1996-жылы туулган Доронбек Асанбек уулу өз моймуна алган. Анткени оперативдүү бөлүмдүн башчысынын орун басары Жусупов, анын камактагыларды камерага киргизүүгө берген буйругу билинип калат деп ойлогон», — деп билдирди прокурор.

Ошондой эле ал, айткан сөзү далилдүү болушу үчүн Асанбек уулу жаздыгынын астына койгон бычакка атайылап манжа издерин да калтырган деп кошумчалады.

Дөө-Чыңгыз менен бир камерада олтурган Асанбек уулу. Сүрөт: АКИpress

Жыйынтыгында прокурор киши өлтүрүүгө төмөнкүлөрдү айыптуу деп табууну өтүндү:

– 1989-жылы туулган Данияр Шүкүров;

— 1980-жылы туулган Санжар Сапарбеков;

— 1995-жылы туулган Эрнис Кубанычбеков;

— 1993-жылы туулган Мухаммед Замирбеков;

— 2000-жылы туулган Сыймык Биримкулов.

Ал эми кылмышты жашыргандыгы үчүн 1996-жылы туулган Доронбек Асанбек уулу.

ТИЗО-1дин кызматына кыянаттык кылып, эч жакка кетпөө тил каты менен тергөө изоляторунда иштеп жаткан кызматкерлери:

– Турусбек Жусупов;

— Таалайбек Айталиев;

— Майрамбек Алтымыш уулу;

— Бакыт Жунушалиев.

АКИpress’тин маалыматына ылайык, айыпталуучулардын бири да күнөөнү мойнуна алышкан жок.

Сотто Асанбек уулу кылмышты жашырганы үчүн күнөөнү мойнуна алган жок, бирок киши өлтүрүү боюнча алды.

Дөө-Чыңгыздын киши колдуу болушу

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Чыңгыз Жумагуловдун сөөгү 30-июлда ТИЗО-1де табылган. Ал киши колдуу болгону белгилүү болгон.

Жаза аткаруу кызматынан Жумагуловду камерада чогуу олтурган киши өлтүргөнүн мойнуна алды деп маалымдашкан. Мекеменин маалыматына караганда, буга «жекече пикир келишпестиктер» себеп болгон.

Ал арада Kaktus Media басылмасы жеке булактарына таянып, «Дөө Чыңгызды» өлтүрүүгө шектелген кишинин аты Доорон экенин жазды. Алдын ала маалыматтарга караганда, Доорон Камчы Көлбаевдин Адилет Касенов аттуу жакын кишисинин тобунда жүргөн жана УКТнын «капчыгы» деп саналчу.

Басылманын жеке булагы Чыңгыз Жумагулов «мыйзамдагы ууру» болууну көздөп жүргөн, өлтүрүүнүн себеби да ушул болушу мүмкүн деп билдирген.

Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында кримтөбөлгө 18 жолу бычак сайылганы белгилүү болгон. Бычак көбүнесе моюн тушуна жана денесинин үстүңкү бөлүгүнө урулганы белгиленген.

Депутат Дастан Бекешев жогорку кызматтагы адамдардын аралашуусусуз кримтөбөлдү өлтүрүү мүмкүн эмес болчу деп эсептейт.

Чынгыз Жумагулов

Чыңгыз Жумагулов кримдүйнөсүндө «Дөө» деген каймана аты менен белгилүү жана ал 2019-жылы апрелде башка адамдар менен бирге эки адамды аёосуз сабоого шектелип кармалган. Кийин жабыркаган эки адам алган жаракаттарынан улам каза тапкан. Жабыркагандар менен кармалгандар УКТ мүчөлөрү болгону кабарланган.

2020-жылдын 19-июнунда Биринчи Май райондук соту Жумагуловду «Ээнбаштык» беренеси менен күнөөлү деп таап, беш жылга эркинен ажыраткан. «Дөө Чыңгыз» буга чейин да «Адам өлтүрүү аракетин уюштуруу» беренеси менен 18-жылга кесилген.

Ошондой эле, Жумагуловду «Камчы Көлбаевдин УКТсынын жигердүү мүчөсү» деп айтып жүрүшөт. Бирок ал кылмыш дүйнөсү жана Көлбаев менен байланышы болгонун төгүндөгөн. Мындан сырткары, Жумагулов президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Медет Садыркуловду өлтүрүү боюнча шектүүлөрдүн бири болгон.