Сүрөт: Президенттик администрация

Бүгүн, 21-мартта Нооруз майрамына карата Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтында жана Оштун борбордук аянтында салтанат болуп өттү. Жүздөгөн кыргызстандыктар театрлаштырылган оюн-зоокко жана концерттик программага күбө болушту.

Бишкектеги иш-чарага президент Садыр Жапаров катышып, куттуктоо сөз сүйлөп, Нооруз эзелтен бери достуктун, биримдиктин майрамы катары белгиленип келгенин айтты.

Ал эми Ош шаарында майрамга карата иш-чара сүмөлөк жасоо фестивалы менен башталып, андан соң борбордук аянтта «Нооруз — 2023» деп аталган салтанат менен уланды.

Аталган салтанатка Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, Ош шаардык кеңештин депутаттары жана шаар тургундары катышты.

Төрөбаев иш-чарага келгендерди Нооруз майрамы менен куттуктап, жалпы журтка токчулук, тынчтык каалады.

Иш-чара концерттик программа менен коштолуп, театрлаштырылган оюн-зоок тартууланды. Аны менен катар аянтта кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү болуп, спорттук мелдештер уюштурулду.

Жыл сайын 21-мартта белгиленген Нооруз 2009-жылы ЮНЕСКОнун маданий мурастарынын тизмесине киргизилген. Бул күнү Кыргызстандын бардык аймагында майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт.

ТЕМА БОЮНЧА:

Сүрөт баян: Бишкектеги Ала-Тоо аянтында Нооруз майрамы белгиленди

Улуттук оюндар, манты мелдеши. Оштогу Нооруз майрамынан сүрөт баян