Бүгүн, 21-мартта Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында Нооруз майрамы белгиленди. Аянтка миңге чукул адам чогулуп, театралдаштырылган оюн-зоок жана концерттик программага күбө болушту.

Майрамдын иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров катышты.

Концерттик программада балдар бий топтору, музыкалык ансамблдер жана кыргыз эстрада жылдыздары катышып, ыр-бийлер тартууланды.

Андан соң майрамдык иш-чаралар борбор калаанын бир нече паркында уланды. «Ынтымак-1» сейил багында улуттук тамак-аш, суусундуктар, кийим-кече жана кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү өттү.

«Ынтымак-2» сейил багында ар кандай мастер-класстар уюштурулуп, салттуу ырым-жырымдар көрсөтүлүп, концерттик программа уюштурулду. Ал эми «Ден соолук» паркында спорттук иш-чаралар жана улуттук оюндар өттү.

Бишкек шаардык мэриясы Нооруз майрамын өткөрүүгө мамлекеттик бюджеттен 1 млн 800 миң сом коротту. Башында мамлекет иш-чарага 2 млн сом бөлгөн, бирок тендерди бюджети 1 млн 800 миң сомду түзгөн жалданма компания жеңип алган.

Шаардык мэриядан бөлүнгөн каражатты Ала-Тоо аянтын жасалгалоого жана тетралдаштырылган оюн зоок менен концерттик программа уюштурууга жумшай турганын айтышкан.

Ал эми өткөн жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу Нооруз майрамы Бишкек шаарында белгиленген эмес. Мэрияга караштуу эпидемияга жана эпизоотияга каршы чукул комиссия Нооруз майрамына арналган массалык иш-чараларды өткөрүүдөн баш тартуу чечимин чыгарган.

Тема боюнча:

Улуттук оюндар, манты мелдеши. Оштогу Нооруз майрамынан сүрөт баян