«Баткендиктер ыраазы». Орунбеков курулган үйлөрдүн сапаты боюнча сындарга жооп берди

Президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Баткен облусунун тургундары чек ара чырынан кийин курулган үйлөрдүн сапатына ыраазы экенин билдирди. Бул тууралуу Орунбеков укук коргоочу Гүлгакы Мамасалиеванын үйлөрдүн сапатын сындаган постуна комментарийде жазды.

Аткаминер активисттер эмне үчүн Кыргызстанда жасалып жаткан иштерден жакшы нерсе издебей турганын сурап, жөн эле сүйлөй бергендин, негатив жараткандын дагы чеги болот деди.

«Сапатына сиз баа бересизби, кесибиңиз же аркалаган кызматыңыз туура келеби? Үй ээлери сапатына ыраазы болуп жатат, “мурда ылайдан тургузулган дубалдардын ордуна, кирпич, бетон менен тургузулган там куруп берди”, — деп айтып жатышат», — деп жазды Орунбеков.

Мурдараак Мамасалиева бейөкмөт уюмдардын кызматкерлери баткендиктер үчүн курулуп жаткан үйлөрдүн сапаты начар экенин айтып чыгышканда Орунбеков аларды жалганчыга чыгарганын жазган.

Чек арадагы куралдуу жаңжал

2022-жылдын сентябрындагы кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы ири жаңжалда 63 кыргызстандык каза болуп, жүздөгөн үйлөр талкаланган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан улам Кыргызстан болжол менен 3 млрд 130 млн сом зыян тарткан деп бааланган. Бийлик жергиликтүүлөргө кышка чейин турак жайын калыбына келтирип берүүнү, ал эми тапткары талкалангандарынын ордуна жаңысын куруп берүүнү убадалаган. Бирок курулушту бүтүрүүнүн мөөнөтү бир нече жолу жылдырылган. Акыркы жолу минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров калган үйлөрдүн баарын март айынын ичинде куруп бүтүүнү убадалаган.

Ага карабастан куруучулар эмгек акысы убагында берилбей жатканын, жергиликтүү тургундар болсо үйлөрдүн сапаты начар экенин айтып нааразы болушкан.

Тема боюнча: «Эки айдан бери уста жок». Баткендеги үйлөрдү куруучу компания усталарга эмгек акысын төлөбөй жатат