Капчыгай айылында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда күйүп кеткен үй. Сүрөт: Бакай Алмаз / Kloop

Баткендиктер курулуш компаниялар усталарга эмгек акысын төлөбөй койгону үчүн курулуш иштери токтоп турганын «Клоопко» айтып даттанышты. Алардын үйлөрү 2022-жылы 14-17-сентябрда болуп өткөн кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жабыркаган.

16-мартта Баткен облустук администрациясынан «Клоопко» облус башчысы Абдикарим Алимбаев Ак-Сай айыл аймагынын тургундары менен жолугуп, курулуш башкармалыгына маселени чечүү үчүн тапшырма бергенин билдиришти.

Ал эми Баткендеги үйлөрдү калыбына келтирүүгө жооптуу «Аманат Курулуш Инвесттин» башкы прорабы Кудайназар Жолматов усталардын акысы төлөнөт деп убада берди.

«Күйөөм кыжаалат болуп жүрүп, инсульт болуп калды»

Кыргыз-тажик чек арасындагы толук масштабдуу куралдуу жаңжалда Ак-Сай айыл аймагына караштуу Капчыгай айылынын 70 жаштагы тургуну Шарипа Кудайбердиеванын өзүнүн жана төрт уулунун үйү толугу менен күйүп кеткен. Бул тууралуу ал 16-мартта «Клоопко» айтып берди.

Анын айтымында, учурда үч уулунун үйү бүткөрүлүп тапшырылган, ал эми өзүнүн жана дагы бир уулунун үйүнүн курулушу эки айдан бери токтоп турат. Буга, Кудайбердиеванын сөзү боюнча, жоопкерчилик жүктөлгөн «Доор» курулуш компаниясы усталарга «эки айдан бери айлык акыларын төлөбөй жатканы» себеп болууда.

«Подрядчиктер усталарга айлык акыларын бербей, эки айга жок болушту. “Ошону берсе иштейбиз” деп туруп алышыптыр. Биздин үйдүн үстү жабылып, тышы шыбалган, ичине гипсокартон орнотулуп, бирок эшик-терезе, жуунучу бөлмөсү — эч нерсеси бүтө элек. Кыскасы ичиндеги иштердин баары калган. Капчыгайда 20дан ашык үй “Доор” деген фирманын колунда экен. Бардыгы ошол абалда», — деп билдирди Кудайбердиева.

Ал бүгүнкү күнгө чейин Баткен шаарына караштуу Базар-Башы кварталында жолдошу, бир уулу жана анын кош бойлуу келинчеги менен ижарада жашап жатканын айтты.

«Чалым 80ге кирген, кыжаалат болуп отуруп, инсульт болуп калды. Ушунусу мага оор келди. Болбосо сабыр кылып эле отурдук эле. Өзүм Баатыр энемин, тогуз балам бар. Үйлөрдү эртерээк бүтүрүп, кеткен чыгымдарды жакшыраак төлөп беришсе, эч кимге доом деле жок», — деди ал.

Кудайбердиева 15-мартта үйүнүн курулушу басаңдап жаткан тургундар президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаевге арыздарын айтышканын кошумчалап, облус башчысы «16-мартта усталар кайрадан ишти улантып башташарын убадалаганын», бирок өзү алыста болгонуна байланыштуу азырынча усталар бар же жок экенинен кабардар эместигин кошумчалады.

Капчыгай айылында күйүп кеткен унаа, 2022-жылдын 21-сентябры. Сүрөт: Бакай Алмаз / Kloop

«Дубалдар кыйшык, сапаты начар»

Капчыгай айылынын дагы бир тургуну Карамат Марданаева 16-мартта «Клоопко» маек берип, анын да үйүн куруп жаткан усталарга эмгек акысы төлөнбөй, усталар ишин таштап кетип калышканын билдирди.

Жаңжалдан улам Марданаеванын эки уулунун жана өзүнүн үйү толугу менен жабыркаган. Аны менен катар ал, учурдагы үйүнүн курулушунун сапаты көңүлдөгүдөй болбой жатканын белгиледи.

«Азыр уста жок, [үй] терезе орнотулган, үстү жабылган бойдон турат. Усталар келип, үч күндөй иштеп, дагы кетип калышыптыр. Аларга барып, “курулуш бир колдон чыкканы жакшы, келгиле” десек, айлык берилбей жатканын айтышты. Кийинчерээк жаңы усталар келип, “бачок жок” дешкенинен бачок жеткирип берсек, алар да 2-3 күн иштеп кетип калышыптыр. Эч ким жок азыр. Балдарымдын бири барып, “дубалдар такыр эле начар, кыйшык-пыйшык экен” деп айтып келди», — деп билдирди Капчыгай айылынын тургуну.

Марданаева бүгүнкү күнү үй-бүлөсү менен чогуу Баткен шаарында ижарада жашап жатат. Ал жаңжалда үйүнүн жанында жайгашкан дүкөнү да кошо күйүп кеткенин айтып, ага төлөнүүчү компенсация боюнча облустук администрацияга кайрылганы менен эч кандай жооп болбой жатканына нааразы болду.

«Өзүм микроинсульт менен ооруп, 2-группадагы [майыптыгым бар]. Дүкөнүм бар эле, ал да толугу менен күйүп кетип, 350 миң сомдук чыгым болду. Кимге кайрылаарымды билбей жатам, губернаторго кайрылсам деле жооп жок. Жок дегенде дүкөндөн дары, уколдорума каражат чыгып турса [жакшы болот эле]», — деди Марданаева.

Марданаеванын айылдашы Равшанбек Зулпукаров дагы үйлөрдүн курулушунун сапаты стандартка туура келбей жатканын айтып, эмгек акысы берилбегенине байланыштуу усталар улам алмашып отуруп, курулуш кечеңдеп кеткенин белгиледи.

«Баары келип акчага такалып жатат да, аванс эле берип коюшат экен. Пайдубалында башка уста, боёгунда башка уста, штукатуркада башка уста. Аларга деле ыракмат, өзбек туугандар да бар, алар да бала-чакамды багайын деп келип жатышат да. Бийликке талабым, эл менен мамлекет берген акча түгөнүп, эл азыр кыйналып жатат да. Негизгиси азыр чыгымды берип турушса», — деп белгиледи Зулпукаров.

Самаркандек айыл өкмөтүнүн Паскы-Арык айылынын тургуну Улукбек Балтабаев дагы «Клоопко» үйүн куруп жаткан усталар акысы төлөнбөгөнүнө байланыштуу бир айдан бери келбей жатканын, ал эми үйү жакшы бүтпөй, кыш мезгилинде тургузулган дубалдардын айрым жерлери «азыртадан түшүп калганын» айтты.

Капчыгай айылында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда күйүп кеткен дүкөн. Сүрөт: Бакай Алмаз / Kloop

«Усталар тургундардан карызга азык-түлүк алууга аргасыз»

«Интербилим» эл аралык борборунун Оштогу филиалынын юристи Нуркыз Жанышбекова «Клоопко» Баткендеги үйлөрдү калыбына келтирүү иш-чаралары менен жеринен таанышканын билдирди. Ал усталарга эмгек акы төлөмдөрү кечигип жатканын тастыктап, аны менен катар тургундар курулуштун сапатына да арызданганына дагы токтолду.

«Капчыгайда жалпы 50дөн ашык үйдүн курулушу бүтө элек. [...] Ошондой эле тургундар үйлөрдүн сапатына арызданышып, кээ бир үйлөр проект менен архитектуранын стандарттарына дал келбей турганын билдиришти. Мисалы, бир тургун жуунучу бөлмөдө плиткалар шыпка чейин болушу керек экенин, бирок куруучулар дубалдын жарымына чейин эле жасап коюшканын айтты. Андан тышкары, дагы бири септикти үйгө жакын казып коюшканын, жада калса 15 метр дагы аралык жок экенин белгиледи», — деди «Интербилим» эл аралык борборунун юристи.

Ошондой эле Жанышбекова учурда куруучулардын башкы көйгөйлөрүнүн бири тамак-аш болуп жатканын баса белгиледи. Анын айтымында, усталар «айыл тургундарынан азык-түлүктү карызга алууга аргасыз» болуп жатышат.

«Бир тургундун айтымында, анын куруучуларынын этке деген карызы 70 миң сомго жетип калыптыр. Бул “Доор” компаниясына тиешелүү болуп жатат. Анан дагы тургундар компенсация качан төлөнөрү тууралуу сурашып, талаа иштерин баштап, көчүп барышы керектигин айтышты. Азыр алар ижараны төлөөдө кыйналып жатышат», — деди Жанышбекова.

Капчыгай айылында жаңы курулуп жаткан үйлөрдүн бири. Сүрөт: «Т-Медиа»

Жергиликтиүү бийлик эмне дейт?

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Кундуз Жоробекова Абдикарим Алимбаев 15-мартта Капчыгай айылынын тургундары менен жолукканын айтып, курулуш башкармалыгына аталган маселени чечүү боюнча тапшырма бергенин маалымдады.

«Клооп» бул маселеге байланыштуу облустук Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Дүйшөбек Жалиловго байланышууга аракет кылып, бирок андан жооп ала алган жок.

Ал эми Баткенде үй куруу милдетин алган «Аманат Курулуш Инвесттин» башкы прорабы 15-мартта Кудайназар Жолматов «Т-Медиа» телеканалына комментарий берип, «Доор» курулуш компаниясы менен териштирүү жүргүзүлөрүн белгиледи.

«Компанияны таап, ошол жерге алып барабыз дагы балдардын [усталардын] эмгек акыларын төлөп берүүгө кепилдик беребиз», — деп билдирди Жолматов.

Өткөн жылдын 22-сентябрында президент Садыр Жапаров суук түшкөнгө чейин кыска убакытта жабыркаган турак жайларды калыбына келтирүүнү, ал эми толугу менен кыйраган үйлөрдүн ордуна жаңыларын курууну тапшырган. Бирок баткендиктер үйлөрдү калыбына келтирүү басаңдап жатканын айтып, депутаттар курулушка жооптуу «Аманат Курулуш Инвестти» жоопко тартууну сунуштаган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Баткендеги куралдуу жаңжал: Орунбеков жаңы курулган 332 үй колдонууга берилгенин айтты

«Жаан жаап, чатырдан суу өтүп жатат». Баткендиктер оңдоо иштери басаңдап жатканына тынчсызданууда