Султанбеков: Кыргыздар жөнүндө Кытай архивинен табылган маалыматты которууга 13 миллион сом бөлүнөт

Президенттик фонд 2019-жылы Кытай архивинен табылган кыргыздар жөнүндөгү X кылымга таандык жаңы маалыматтарды кыргыз тилине которууга 13 миллион сом бөлөт. Бул тууралуу 24-мартта президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Ал буга чейин «Мурас» мамлекеттик фондунун төрагасы Кыяс Молдокасымов 10 миң бетке чукул архивдик документтерди кыргызча которууга каражат таап берүү өтүнүчү менен Садыр Жапаровго кайрылганын билдирди.

Анда Молокасымов алгач материалдар байыркы кытай тилинен азыркы кытай тилине, андан кыргыз тилине которуларын белгилеген.

Султанбеков президенттин тапшырмасы менен бөлүнгөн 13 миллион сом жакында «Мурас» фондунун эсебине которулат деп ишендирди.

Кытай жазма булактарынан кыргыздар жөнүндө жаңы маалыматтар табылганы тууралуу 2019-жылы кабарланган. Бул тууралуу ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековго кытайлык окумуштуулар билдиришкен — анда экс-президент Кытайга жумушчу сапары менен барган.

Кытайлык тарыхчы Ю Тайшан Кытайдын архивиндеги биздин доорго чейинки X кылымга таандык материлдарда кыргыздар тууралуу маалымат бар экенин таап чыккан.

Ага чейин кыргыздар алгачкы жолу кытай жазма булактарындагы биздин доорго чейинки III кылымга, тагыраагы 201-жылга таандык маалыматтарда эскерилген — анда кыргыздар «гэгуньдар» (ред. — кытай аталышында кыргыздар) деп жазылып калган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргыздардын келип чыгышы жөнүндөгү алты сандырак теория