Бир кадр менен: Бишкектеги таштанды талаасынын айланасына тосмо орнотулууда

Бишкектин четиндеги таштанды төгүүчү жайдын айланасына тосмо орнотулуп жатат. Бул тууралуу 30-мартта мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, таштанды талаасындагы оңдоо-курулуш иштери 90%га жыйынтыкталды. Эми жарык бергичтерди коюу, камера орнотуу жана таман таш төшөө иштери башталат.

Таштанды талаасына орнотулган тосмо. Сүрөт: Бишкек шаардык мэриясы.

«Полигондун түштүк жана чыгыш тарабына тосмо орнотуу аяктады, иш батыш бөлүгүндө улантылууда. [...] Топурактын көлөмүн азайтуу жана тигүү калдыктарын кайра иштетүүгө жиберүү үчүн жабдуулар колдонулат. Ага ангар тургузулуп, керектүү техника менен жабдылат», — дешти мекемеден.

Аны менен катар, мэрия таштанды талаасындагы түтүндү азайтуу боюнча иш алып барууда. Ошондой эле эски полигонду рекультивация кылып, таштандыны иргегенден кийинки калдыкты топтоо үчүн жаңы аянтча куруу иши жүргүзүлүүдө.

Ал арада таштанды талаасына жакын жердеги Алтын-Казык жаңы конушунда жашаган тургундар бийлик тосмо орнотуу чн бир нече үйдү буздуруп салганын айтып чыгышты.

Борбор калаадагы таштанды көйгөйү

Таштанды талаасы. Сүрөт: Бишкек шаардык мэриясы.

2013-жылы кыргыз өкмөтү менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосунда «Бишкек шаарындагы катуу калдыктарды башкаруу системасын жакшыртуу» долбоорун каржылоо боюнча насыялык макулдашууга кол коюлган.

Анда таштандыларды кайра иштетүүчү жана иргөөчү заводдун курулушу каралган. Долбоорду каржылоого 22 миллион евро бөлүнгөн — анын жарымы өлкө пайыз менен төлөй турчу насыя.

Жаңы таштанды талааны куруу жана эскисин рекультивациялоо боюнча долбоорду ишке ашыруу кечеңдегенине байланыштуу кыргыз бийлиги пайдаланылбаган каражат үчүн 14 миллион сом өлчөмүндө айып төлөйт.

Таштандыны кайра иштетүүчү заводдун курулушу тууралуу көп жылдардан бери айтылып келет. Бирок маселе алдыга жыла элек жана бийлик анын кайсыл жерге курууну көздөп жаткан азырынча белгисиз.

Өткөн жылы таштанды талаасын иреттөөгө бөлүнгөн 22 миллион евронун чоо-жайын иликтөө үчүн атайын депутаттык комиссия түзүлгөн. Анда долбоор азыркыга чейин ишке ашпай, каражат жок болуп кеткени белгилүү болгон. Ошол себептен ишти иликтөө Коопсуздук кеңешине өткөрүлгөн.

Былтыр таштанды талаасына жакын жашаган 70ке чукул тургун митингге чыгып, таштанды өрттөөнү токтотууну жана таштанды талаасын адамдар жашаган аймактан алыс жылдырууну талап кылышкан.

Акцияга чыккандар менен Бишкектин вице-мэри Нурлан Орунтаев жолугуп, «полигондогу таштандыны өрттөөнү токтотууга аракет кылабыз» деп убадалаган. Андан тышкары, «бир жылдын ичинде таштандыны кайра иштетүүчү завод курулуп бүтүшү керектигин» билдирген.

Ал эми 15-декабрда Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров таштандыларды кайра иштетүүчү заводдун курулушу 2023-жылдын биринчи кварталында башталарын айткан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Таштанды талаасы үчүн бөлүнгөн 22 миллион евронун чоо-жайын Коопсуздук кеңеши иликтей турган болду

Бишкектин мэри таштандыны кайра иштетүүчү завод 2023-жылы курулат деп убадалады