Бишкектин мэри таштандыны кайра иштетүүчү завод 2023-жылы курулат деп убадалады

Эмилбек Абдыкадыров

Бишкек шаарында таштандыларды кайра иштетүүчү заводдун курулушу 2023-жылдын биринчи кварталында башталат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Жогорку Кеңештин 15-декабрдагы жыйынында билдирди.

Анын айтымында, учурда чехиялык жана америкалык компаниялар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

«Долбоордун баасы ар кандай, каржы булагы чечилген. [...] Буюрса, 2023-жылы Бишкекте таштандыларды кайра иштетүүчү завод курула баштайт. Бири 50 миллион доллар турат, бири 350 миллион доллар», — деп билдирди калаа башчысы.

Бирок бул Абдыкадыровдун кайра иштетүүчү заводдун курулушу тууралуу айткан биринчи убадасы эмес. Ал буга чейин, 2022-жылы сентябрь айынын аягына чейин шаардык муниципалитет «заводду куруп баштаарын, ал 1,5-2 жылдын ичинде бүтөрүн» билдирген.

Борбор калаанын таштанды көйгөйү

Аткаминерлер таштандыны кайра иштетүүчү заводдун курулушу тууралуу көп жылдардан бери айтып келишет. Бирок маселе алдыга жыла элек жана анын кайсыл жерге курууну көздөп жатышканы азырынча белгисиз. Мэрия бул суроого жооп берүүдөн баш тартууда.

2013-жылы Кыргызстандын өкмөтү менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосунда «Бишкек шаарындагы катуу калдыктарды башкаруу системасын жакшыртуу» долбоорун каржылоо боюнча насыялык макулдашууга кол коюлган.

Анда таштандыларды кайра иштетүүчү жана сорттоочу заводдун курулушу каралган. Долбоордун алкагында капиталга 22 миллион евро бөлүнгөн, анын жарымы өлкө пайыз менен төлөй турган насыя.

Аны менен катар жаңы таштанды талааны куруу жана эскисин рекультивациялоо боюнча долбоорду ишке ашыруу кечеңдегенине байланыштуу Бишкек пайдаланылбаган каражат үчүн 14 миллион сом өлчөмүндө айып төлөйт.

Быйыл 10-октябрда Бишкек шаарындагы таштанды полигонуна жакын аймакта жашаган 70ке чукул тургун митингге чыгып, таштанды өрттөөнү токтотууну жана таштанды талаасын адамдар жашаган аймактан алыс жылдырууну талап кылышкан.

Нааразычылыкка чыккандар менен Бишкектин вице-мэри Нурлан Орунтаев жолугуп, «полигондогу таштандыны өрттөөнү токтотууга аракет кылабыз» деп убадалаган. Андан тышкары, «бир жылдын ичинде таштандыны кайра иштетүүчү завод курулуп бүтүшү керектигин» билдирген.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Жылы бою түтүн каптап турат». Бишкекте таштанды полигонуна каршы митинг өттү

Видео: Активисттер таштанды полигонуна жакын жашаган балдарга чыгармачыл аянт уюштурушту

Factcheck.kg: Бишкектин мэри Абдыкадыров бир нече курулуш компаниясынын негиздөөчүсү