Парламент каржы пирамидаларын жарнамалагандарды жоопко тартуу демилгесин колдоду

5-апрелде Жогорку Кеңештин депутаттары каржы пирамидаларын жарнамалоо үчүн кылмыш жоопкерчилигин киргизүү демилгесин үчүнчү окууда колдошту. Мыйзам долбоорун депутат Шайырбек Ташиев демилгелеген.

Долбоорунун маалымкат-негиздемесинде «экономикалык жана юридикалык сабаттыгы жок» жарандардын көпчүлүгү коомдук инсандарга ишенип алып, топтогон каражаттарын финансылык пирамидаларга салып жатканы айтылат.

Каржы пирамидасын жарнамалоо үчүн 20-25 миң эсептик көрсөткүч өлчөмүндө (2-2,5 миллион сомго чейин) айып пул салуу же 3-5 жылга чейин эркинен ажыратуу сунушталууда.

«Түзөтүүлөр кабыл алынгандан кийин мындай иштер үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу каралгандыктан, блогерлер, ар кандай уюмдардын активисттери жана башка коомдук инсандар тигил же бул каржы өнүмдөрүн жарнамалоодо кыйла этият жана жоопкерчиликтүү болушат деп ишенебиз», — деп эсептейт мыйзам долбоорунун демилгечиси.

Эми мыйзам долбооруна президент Садыр Жапаров кол коёт же каршы пикир билдирип, толуктоо үчүн артка кайтарат. 

Кыргызстандагы каржы пирамидалары

Өткөн жылы Кыргызстанда каржы пирамидаларына байланышуу 882 кылмыш иши козголгон. Тургундар анын кесепетинен миллиондогон чыгымга учурашкан.

ИИМден турак жай кооперативдеринде да каржы пирамидасынын белгилери бар экенин эскертип келишет.

Акыркы жылдары турак жай жана унаа алып берүүнү убадалаган бир нече кооперативдер пайда болгон. Алардын көпчүлүгүнүн ээлери кармалып, камакка алынган — ал эми аларга ишенген тургундар миллиондогон чыгымдарга учурашкан.

ИИМ кыргызстандыктарды кооперативдерге кошулбоого чакырып, аларга салынган акчалар кайтарылбашы мүмкүн экенин эскерткен.

ТЕМА БОЮНЧА:

ИИМ: Каржы пирамидасына эки айда 133 киши алданып, 61 млн сом чыгымга учурады