Каржы пирамидаларын жарнамалоо үчүн кылмыш жоопкерчилигин киргизүү сунушталды

Жогорку Кеңеште каржы пирамидаларын жарнамалоо үчүн кылмыш жоопкерчилигин киргизүү сунушталды. Тийиштүү мыйзам долбоорун депутат Шайырбек Ташиев демилгеледи.

Мыйзам долбоорунун маалымкат-негиздемесинде «экономикалык жана юридикалык сабаттыгы жок» жарандардын көпчүлүгү коомдук инсандарга ишенип алып топтогон каражаттарын финансылык пирамидаларга салып жатканы айтылат.

Каржы пирамидасын жарнамалоо үчүн 20-25 миң эсептик көрсөткүч өлчөмүндө (2-2,5 млн сомго чейин) айып пул салуу же 3-5 жылга чейин эркиндиктен ажыратуу сунушталууда.

«Түзөтүүлөр кабыл алынгандан кийин мындай иштер үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу каралгандыктан, блогерлер, ар кандай уюмдардын активисттери жана башка коомдук инсандар тигил же бул каржы өнүмдөрүн жарнамалоодо кыйла этият жана жоопкерчиликтүү болушат деп ишенебиз», — деп эсептейт мыйзам долбоорунун демилгечиси.

Кыргызстандагы турак жай кооперативдери

Жыл башында Улуттук банк өлкөдө турак жай кооперативдери делген күмөндүү уюмдар активдеше баштаганын билдирген. Анда башкы банк алардын ишмердүүлүгүндө каржы пирамидасынын белгилери бар экенин айткан.

Улуттук банк билдирүүсүндө кыргызстандыктарды сак болууга, документтеди дыкат текшерип, аларды мамлекеттик органдардагы маалыматтар менен салыштырып, жасалма эместигин аныктоого чакырган.

Кийинчерээк ИИМ 2022-жылдын үч айында эле кыймылсыз мүлк рыногундагы турак жай кооперативдеринин ишмердүүлүгүнө байланыштуу 73 кылмыш иши козголгонун билдирген.

Андан кийин эле милиция бир катар турак жай кооперативинин жетекчисин, анын ичинде белгилүү кооперативдердин бири «Ихсан Групптун» директору Акинай Бекмурзаеваны кармаган.