ИИМ: Каржы пирамидасына эки айда 133 киши алданып, 61 млн сом чыгымга учурады

Үстүбүздөгү жылдын эки айында 133 киши каржы пирамидасына алданып, 61 миллион сом чыгым тартты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мааламатка ылайык, эки айда каржы пирамидасын уюштуруу фактысы боюнча 111 сотко чейинки өндүрүш ачылып, анын 91и соттун кароосуна жөнөтүлдү. Бул фактылардын көпчүлүгү Бишкек шаарында, калганы Ош жана Ысык-Көл облустарында катталган.

«Жеңил акчанын артынан түшкөн жарандарыбыз аз убакыт ичинде чоң дивиденттерди убада кылгандарга акча берип алданып келет», — деп жазылат билдирүүдө.

ИИМ каржы пирамидасы — өлкөдөгү финансылык алдамчылыктын эң кеңири таралган түрү экенин белгиледи. Министрлик уюмдарга акча салардан мурда, кырдаалды кылдаттык менен баалап, документтерди талап кылуу керектигин эскертти.

«Алдамчылар кишини манипуляциялап, акча алуунун жаңы жолдорун ойлоп табуу менен адамга психологиялык жана эмоционалдык жактан таасир этүүнү билишет. Акча салардан мурда суроо берүүдөн, документтерди талап кылуудан тартынуунун кереги жок», — деп билдиришти министрликтен.

2021-жылдын декабрында Башкы прокуратура «Каржы пирамидаларын уюштуруу» беренеси менен кылмыш иши козголгонун маалымдаган. Анда украиналык жаран негиздеген «"Голден Кэш" ювелирдик компания» жана «К.Дж.К.» ишканалары 5 миңден ашуун жаранды алдап, аларга 3 млн долларлык зыян келтиргени айтылган.

Кылмыш иштин алкагында компаниянын юристи Ная Ибраева жана кассири Айзирек Жусупова кармалышкан. Ал эми каржы пирамиданы уюштурган Украинанын жарандары Василий Жила, Евгений Трофимчук, Максим Сидоренко, «В.К.», «О.С.», жана кыргызстандык «А.Ч.» өлкөдөн чыгып кетүүгө үлгүргөн.

Башкы прокуратура шектүүлөргө издөө жарыялап, алар сырттан камакка алынышкан. Алардын бири Өзбекстанда кармалып, камакка алынган.

Ал эми кармалган Айзирек Жусупова Жогорку соттун судьясы Айнаш Токбаеванын кызы экени белгилүү болгон. Жусупованын жактоочусу Чынара Жакупбекова башкы прокурор Курманкул Зулушевдин эжеси Гүлмира Зулушева төлөмдөрдөн сырткары «каржы пирамиданын лидерлеринин бири болгонун» айткан. Ошондой эле адвокат Жусупова «техникалык кызматкер» болгонун жана акчаларга тиешеси жок болгонун белгилеген.

Ал эми Зулушев анын эжеси каржы пирамидасынан 30 миң доллар зыян тартканын билдирген. Башкы прокурордун айтымында, Гүлмира Зулушева акчаны өндүрүп алууга көзү жетпей арыз жазуудан баш тарткан.

Бул ишке Жогорку сот да реакция кылып, Конституцияда «күнөөсүздүк презумпциясы» принциби камтылганын эске салышка. Үстүбуздөгү жылдын 18-февралында Жогорку соттун судьясы Айнаш Токбаеванын кызы Айзирек Жусупованын баш коргоо чарасын өзгөртүлуп, 26-мартка чейин үй камагына чыгарылган.

Ошондой эле, өткөн жылдын аягында «МедиаХабдын» журналисттери «Финико» каржы пирамидасына алданган кыргызстандыктар тууралуу иликтөөсү жарыялашкан. Журналисттер 500дөн ашуун жабырлануучунун тизмесин түзүп, алар эч жерде катталбаган «Финикого» 3,4 млн доллар акча салышканын эсептеп чыгышкан.

Аны менен катар журналисттер «Финиконун» ишмердүүлүгүн Улуттук банк да, Финансы рыногун көзөмөлдөө кызматы да көзөмөлдөбөгөнүн аныкташкан.

Тема баюнча:

Каржы пирамидасын түзүүгө шектелгендердин арасында Жогорку соттун судьясынын кызы бар

Курманкул Зулушев эжеси каржы пирамидадан 30 миң доллар зыян тартканын билдирди

«МедиаХабдын» иликтөөсү: «Финико» каржы пирамидасы кантип элди карызга батырды?