Кемпир-Абад: Google өзгөрткөн жаңы чек ара сызыгы кыргыз айылдарынан алысыраак жерден өтөт

Google Кыргызстан менен Өзбекстандын Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасындагы чек ара сызыгын өзгөрттү. Картадан чек ара сызыгы мурда күтүлгөндөн айырмаланып, 900-горизонталдан эмес, кыргыз айылдарынан алысыраак жерден өткөнүн көрүүгө болот.

Спутник картасындагы жаңы чек ара сызыгы. Google Maps

Google Картадагы жаңы чек ара сызыгы суу сактагычтын Куршаб жана Жазы куймаларынан, ошондой эле Кызыл-Октябрь, Ана-Кызыл айылдарынан жана Бишкек — Ош унаа жолунан алысыраак аймактан өткөн.

Өткөн жылдын октябрында «Клооп» суу сактагычтагы «900-горизонталдык контур» аркылуу жаңы чек ара сызыгы кайсыл жерден өтөрүн картага түшүргөн.

Анда 900-горизонталь аркылуу чек ара сызыгы суу сактагычтын тегерегиндеги Алга, Кызыл-Октябрь, Кеңеш айылдарына жана Бишкек — Ош унаа жолуна жакын жерден өтөт деп болжолдуу эсептелген. Айыл тургундары суу сактагычтын айланасындагы күрүч аянттары дагы Өзбекстанга өтүп кетет деп тынчсызданышкан.

Азыркы тапта Кемпир-Абад суу сактагычы Google Earth тиркемесинде жана OpenStreetMap картасында дагы Өзбекстандын аймагы катары көрсөтүлүп жатат.

Кемпир-Абаддын айланасындагы чуу

Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүп берүү — бул чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссияны жетектеген УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин демилгеси. Келишимге өткөн жылы эки өлкөнүн президенттери кол койгон.

Кыргыз коомчулугу Кемпир-Абад келишиминин айланасында уу-дуу болушкан. Парламентте бул документ боюнча талкуулардын баары чуу менен коштолгон.

Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы чыккан 30га чукул активист жана саясатчы кармалган. Күч органдары аларга «Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген айып тагышкан.

Тергөө Кемпир-Абадды коргоо боюнча комитеттин жолугушуусунан жаздырып алынган аудиого таянып, алар толук масштабдуу митингдерди уюштуруп (буга өлкөнүн мыйзамдары тыюу салбайт), бийликти басып алууну каалашкан деп айтууда.

Кармалгандардын көпчүлүгү азыркыга чейин абакта кармалып турат. Алар эч кандай күнөөлөрү жок экенин айтышууда. Укук коргоочу уюмдар жана кармалгандардын жакындары муну саясий куугунтук деп аташууда.

2023-жылдын январында ИИМ Кемпир-Абад ишине толугу менен жашыруун макамын берген, бул бир катар юристтердин нааразычылыгын жараткан. 15-марта Бишкек шаардык соту жашыруун мөөрдү жарым-жартылай алып салган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жаңы чек ара кайдан өтөт? Кемпир-Абадды кыдырып, кол жууп кала турган жерлерди картага түшүрдүк