Асланайым Ашированын видеосунан скриншот

Абубакир Изибаев атындагы кыргыз мамлекеттик циркинин артисти Асланайым Аширова 10-апрелде мекемедеги жаныбарлар кароосуз калганын айтып чыкты. Цирктин директору Фархад Бекманбетов 14-апрелде «Клоопко» бул маалыматты төгүндөп, Ашированы провокатор деп атап, жаныбарларга камкордук көрсөтүлүп жатканын айтты.

«Ар дайым ачка, кир»

Асланайым Аширова

Кыргыз мамлекеттик цирктин артисти жана каскадёру Асланайым Аширова 10-апрелде соцтармакка жүнү төгүлгөн эки төө таштанды шимшилеп жүргөн видео жарыялаган. Анын айтымында, жетекчи жаныбарларды Маданият министри цирктин абалын көрүү үчүн текшерүүгө келерден «бир канча күн мурда сатып алып, спорттук залды актап, сырдай башташкан».

«Жетекчилик менен бухгалтерия жыйындарда “артисттер үч жылдан бери көрсөтүүгө чыкпаганы үчүн атайын эсеп бош” деген жүйөөнү айтып келишкен. Бирок мунун баары маданият министринин алдындагы “көрсөтүү” экенин баарыбыз түшүнүп турдук… Мен жаныбарларды карабай коюшарын билчүмүн. Натыйжада, видеодо көрүнүп тургандай, жаныбарлар кароосуз, ар дайым ачка, жуулбаган, кээде короодо жартылай ачка чуркап, азык издеп, таштанды чакадан тамак жешет», — деп билдирди Аширова.

Аширова жаныбарлар «цирктин короосунда дайыма кароосуз чуркап, ал жерден өткөн кызматкерлер менен артисттерге кол салышы ыктымал экенин» белгиледи. Аны менен катар ал, цирктин директору жаныбарлардын машыктыруучусу катары «эч кандай билими жок, өзүнүн жакын санаалашын дайындаганын» кошумчалады.

«Ал жумушка келбейт, көп учурда мас болот. Жаныбарлар циркте жөн эле азап тартып жатышат. Мен цирктин артисттери менен кызматкерлерине карата директордун үрөй учурган мамилесин айтпай эле коёюн. Мына кыргыз циркинин деңгээли!» — деди ал.

Андан сырткары Аширова буга чейин цирктин директору мекеменин короосунда көк бөрүгө чабылган өзүнө таандык аттарды бактырып келгенин билдирди.

Аида Акматова

Аталган маалыматты 14-апрелде «Клоопко» цирктин мурдагы көркөм жетекчиси, гимнаст жана жаачы Аида Акматова дагы ырастады. Ал шакирттери менен жаныбарлар жүргөн короо аркылуу машыгуу залына өтөрдө кубалап, чыга албай туруп калган учурлар көп болгонун айтты.

«“Түлөп жатат” деп эле жооп беришет, бирок түлөгөндө бир оорусу бардай түлөбөйт да. [...] Коопсуздук техникасы боюнча үйрөтүлө элек жаныбарларды минтип бош коё берип, карабай кетип калган болбойт. Ары жакта таштандылар турат, ошол жакка барып таштанды жеп жүрүшөт, а балким бир нерсе жеп жатканда өлүп калсачы? Ушул төөлөргө аябай боорум ооруйт», — деди Акматова.

Ошондой эле ал жаныбарларды кичинекейинен тарта үйрөтүш керек экенин белгиледи. Бирок анын айтымында, аларды карап жүргөн «машыктыруучу өзү тажрыйбасыз болгонуна байланыштуу жаныбарлар көрсөтүүдө ойноону үйрөнгүчө жүдөп-какап өлүп калышы мүмкүн».

«Ушунун баарын көрүп жүрөк ооруп, чырылдап жатабыз да. Ар бир нерсе этап менен жасалышы керек. А биздики — каша. Министр келет дегенде эле калп эле төө алышып, ары жак-бери жактарын жыйнап, актап-сырдап чуркап калышат. Ушул циркибизге жана отурган жетекчибизге жакшылап көңүл буруп, көйгөйлөрүбүздү чечип беришсе жакшы болот эле. Циркке, артисттерге күйбөгөн адам аны эч качан иштетип кете албайт деп ойлойм. Циркти коммерцияга айлантып салышты», — деп сөзүн жыйынтыктады артист.

Директор эмне дейт?

Фархад Бекманбетов

Ал эми кыргыз мамлекеттик циркинин директору Фархад Бекманбетов 14-апрелде «Клоопко» мекеменин жаныбарлары кароосуз, ачка калууда деген маалыматты төгүндөдү. Ал «цирктин артисттеринин сунушу менен жакын арада циркке 580 миң сомго эки төө, топоздун эки мамалагы, пони жана маймыл алынганын» айтты.

Бекманбетов жаныбарларга «чен-өлчөмү менен тамак берилип, тиешелүү ветеринардык дарыгер тарабынан көзөмөлгө алынып турарын» белгиледи.

«Жанагы интернетке чыгарып айгай салып жаткан [Асланайым] Аширова дегени боюнча, эми азыр жазгы маал, кышындагы жүндөрү түлөп жатат, жакын арада ветеринарлар карашат. Табияттын [мыйзамы] ушундай экен, азыр түлөп атат, ошол себептүү номерлерине да чыга элек. А калган жылкы, топоздун балдары, понилер жапжакшынакай иштеп жатышат», — деп билдирди Бекманбетов.

Цирктин директору «жаныбарлар кармалган жайды тазалап, кургактаганга чейин бир саатка мекеменин короосуна чыгарылат, ал эми ал жерге бала-чака киргизилбейт» деп ишендирди. Ошондой эле ал, соцтармакка жарыялаган билдирүүсүнө байланыштуу Ашированы «провокатор» деп атады.

«Булар эми кечке чейин эле бир жерде камалып тура бергенге болбойт. [...] Атайын барып алып, шыйпаңдап неме кылса, албетте [кол салат]. Бирок провокация кылып, сүрөттөрдү атайын тартып чыгаруу — бул кыздын [Асланайым Ашированын] колунан аябай жакшы келет. Өзү болсо төрт жылдан бери эч бир номер көрсөтө да элек, ушундай провокаторлор толтура, мунун баарына көңүл бура берсек иш кылбай калабыз да. Ар бир коллективде ушундай бекерчи, паразиттер болот экен, эмне кылабыз эми?» — деди ал.

Аны менен катар Бекманбетов көк бөрүгө чабылган өзүнө таандык аттарды бактырып келген деген маалыматты «жалган-жалаа» деп атады. Анын айтымында, мамлекеттик циркте «көп иштер аткаралып жатат», бирок анын жыйынтыгын интернетке жаза берүүнү туура көрбөйт.

«Кыргыз циркинин түзүлгөнүнө дээрлик 50 жыл болуп калды, ошондон бери капиталдык оңдоодон өтө элек. Ал үчүн мамлекеттен 250 млн сомдун тегерегинде акча керек. Эми азыр бюджетте акча болбой жатат, былтыр [кызматкерлердин] айлык акыларын көтөрүп алганбыз, Кудайга шүгүр. Эми оңдоого акча бөлүнүп калса жакшы болот», — деп белгиледи цирктин директору.

«Жаныбарларга боштондук»

Жанар Акаев

Кыргыз циркиндеги талкуунун фонунда 12-апрелде депутат Жанар Акаев Кыргызстандагы «зоопарктарды жабууну жана жаныбарларды цирктеги оюн-зоокторго катыштырууга тыюу салууну» сунуштаган.

Ал Каракол менен Оштун зоопарктарында багылып жаткан жаныбарларды табигый чөйрөсүнө коё берүү керектигин айткан.

«Жаныбарлардын абалы абдан кейиштүү. Алар үчүн [зоопарк] — түрмө, кордук, зомбулук. Ошон үчүн эмнеге биз аларды кармашыбыз керек? Азыр мына 45 өлкөдө зоопарктар жабылды, көчмө цирктер дагы жабылып жатат. [...] Гумандуулуктун эч бир белгилери жок ал жерде. Жаныбарлардын баарын боштондукка чыгарыш керек», — деген эл өкүлү.

Талкуунун жыйынтыгында парламент бул долбоорду актуалдуу эместигине байланыштуу четке каккан.

Кыргыз циркининин айланасындагы чырлар

Кыргыз мамлекеттик цирки. Сүрөт: open.kg

Кыргыз мамлекеттик циркте жетекчи менен эмгек жамаатынын ортосунда келишпестиктер буга чейин да болуп келген.

2018-жылы 20-декабрда Маданият министрлиги цирктин мурдагы директору Кубанычбек Исанаевди кызматтан алган. Ага артисттердин Исанаев «цирктин аброюна шек келтирүүдө» деп арызданышкандары, ал эми Башкы прокуратура менен Эсеп палатасы «көптөгөн эреже бузууларды тапканы» себеп болгон.

Алгач цирктин жаңы директорлук кызматына гимнаст Аида Акматова, андан тышкары, элдик балетмейстер Зарылбек Молдобакиров жана Светлана [Асланайым] Ашировалар талапкерлигин көрсөтүшкөн. Кийинчерээк аларга Фархад Бекмамбетов да кошулган.

Ал эми Аида Акматованын тарапташтары 21-январь күнү Ак үйдүн алдына митингге чыгышып, артисттер бийликтен гимнастты цирктин директорлугуна дайындоону талап кылышкан. Бирок Акматованын талапкерлигин артисттердин бардыгы эле колдой беришкен эмес.

Кыргыз цирки 1962-жылы түзүлсө, ал эми анын Бишкек шаарындагы имараты 1976-жылы пайдаланууга берилген. Анда 130дай киши иштейт, анын 40ка жакынын чыгармачыл жамааттын өкүлдөрү түзөт.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргыз циркинин артисттери эл аралык фестивалда эки коло байгени багындырышты

Ат жалында ойноо, пилдер жана Никулин. 50 жылдык тажрыйбасы бар Кыргызстандагы цирк артистинин баяны