Кыргыз циркинин артисттери эл аралык фестивалда эки коло байгени багындырышты

Кыргыз мамлекеттик циркинин артисттери Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн «Азия жаңырыгы-2022» эл аралык цирк искусствосунун фестивалында эки коло байгени жана атайын сыйлыктарды багындырышты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясат министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, «Аят» тобунун акробаттары 1-коло байгени жана көрүүчүлөрдүн атайын сыйлыгын багындырышкан.

Ал эми «Алмаз» жонглёрлор тобу 2-коло байгени жана Венгрияда өтө турган фестивалга жолдомо утуп алышкан.

Министрликтен фестивалда Франция, Израиль, Венгрия, Монголия, Вьетнам, Орусия, Беларус, Өзбекстан, Тажикстан жана Казакстандан келген 100дөн ашык артист күч сынашканын белгилешти.