Цирк кызматкерлери массалык түрдө иштен кетүү арыздарын жазышты. Эмне болуп жатат?

Бишкек цирки. Сүрөт: Kloop.kg үчүн тарткан Виталий Белошапкин

Бишкек циркинин 30дан ашуун артисти маданият министри Азамат Жаманкуловдун атына иштен кетүү боюнча арыз жазышты. Мындай кадам менен алар цирктин директорлук кызматына министрдин мурдагы орун басары Фархад Бекмамбетовдун дайындалышына каршылык көрсөтүшүүдө.

Цирктин кызматкерлери иштен кетүү тууралуу арыздарын 23-январда жазышкан. Алар арызды маданият министри Азамат Жаманкуловго даректешкен. Артисттер өз арызында «жетекчиликтин паракорлугунан» жана «өсүүнүн жоктугунан» улам цирктен кетүүгө аргасыз болуп атышканын белгилешкен. Алар бийликтен директорлук кызматка өздөрүнүн кесиптеши жана жаачы Аида Акматова келишин талап кылышууда.

«Биз бир гана энтузиазм менен кармалып турган элек, бирок акыркы учурларда цирктин айланасында толгон атмосфера мени акыркы кадамка түрттү», — деп билдирди каршылык акциясынын катышуучуларынын бири.

Артисттер Жаманкулов, алардын пикири боюнча, директорлук кызматка «өз адамын», тактап айтканда, маданият министрлигинин мурдагы орун басары Фархад Бекмамбетовду коюуга аракет кылып жатканына нааразы болушууда. Андан тышкары, алар Бекмамбетов артисттерди 20 млн сом уурдоого айыптаганы үчүн да нааразы.

Анын айткандарына каршылык иретинде, артисттер 23-январда Маданият министрлигинин алдына митингге чогулушуп, ал жакка жеңип алышкан бардык сыйлыктары менен кубокторун алып келишип, имараттын маңдайына жайышкан.

Цирк артистеринин сыйлыктары. Сүрөт: 24.kg

Бишкек циркинин директорун шайлоо кантип артисттердин каршылыгына алып келген?

20-декабрда Маданият министрлиги цирктин директору Кубанычбек Исанаевди кызматтан алган. Ага артисттердин Исанаев «цирктин аброюна шек келтирүүдө» деп арызданышкандары, ал эми Башкы прокуратура менен Эсеп палатасы «бир нече жолу эреже бузууларды тапканы» себеп болгон.

Алгач цирктин жаңы директорлук кызматына гимнаст Аида Акматова, андан тышкары, элдик балетмейстер Зарылбек Молдобакиров өз талапкерликтерин көрсөтүшкөн. Кийинчерээк аларга Фархад Бекмамбетов да кошулган.

Ал эми Аида Акматованын тарапкерлери 21-январь күнү Ак үйдүн алдына митингге чыгышып, артисттер бийликтен гимнастты цирктин директорлугуна дайындоону талап кылышкан.

Бирок Акматованын талапкерлигин артисттердин бардыгы эле колдой беришпейт. Мисалы, циркке караштуу балдар студиясынын башчысы Оксана Ивлиева мекеменин директорлугуна адам «тыштан келиши керек» деп эсептейт. Ивлиеванын пикирин башка артист Анарбек Айталиев да колдойт. Ал «циркти артист эмес, жакшы экономист жетектеши» керек деп ойлойт.