Юстиция министрлиги «Клоопко» Эл аралык жазык сотунун Рим статутун ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоору буга чейин мамлекеттик органдардан түшкөн сунуштар менен эскертүүлөрдү эске алуу менен дагы деле каралып жатканын билдирди.
Мыйзамдын долбоорун Юстиция министрлиги 2022-жылдын 26-сентябрында, кыргыз-тажик чек арасындагы ири куралдуу жаңжалдан кийин эле дароо коомдук талкууга чыгарган. Ноябрда талкуу жабылган, бирок ал Жогорку Кеңешке ошол бойдон түшө элек.
Рим статутун ратификациялоо Кыргызстанга эмне үчүн маанилүү?
Юристтер менен укук коргоочулар Рим статутун ратификациялоо керектигин 2022-жылы эле айтып чыгышкан. Алардын айтымында, документ Кыргызстанда тышкы коркунучтардан жана башка кылмыштардан коргоонуунун жаңы механизмдерин ишке киргизүү үчүн зарыл.
Ушундай эле аргументти Юстиция министрлиги дагы документ демилгелеп жатып айткан. Мыйзам долбоорунун түшүндүрмөсүндө Рим статутун ратификациялоо Кыргызстанга коопсуздукту камсыз кылууга өбөлгө түзүп, республиканын аймактык бүтүндүгүн коргоого жол ачат деп айтылган.
«Ошондой эле бул документти ратификациялоо Кыргызстандын эл аралык коомчулуктун тынчтыкты жана коопсуздукту камсыздоо боюнча идеясынын тарапташы катары тышкы саясий билдирүүсү болуп берет, бул өз кезегинде өлкөнүн эл аралык аренадагы беделин жогорулатат», — деп билдиришкен Юстиция министрлигинен.
Ошол эле учурда адам укуктарын коргоо боюнча Article 9 бирикмесинен Эл аралык жазык соту Рим статуту ратификациялангандан кийин жасалган кылмыштарды гана карай ала турганын белгилешкен. Бирок өткөн окуялар боюнча дагы кылмыш ишин козгоого мүмкүнчүлүк бар.
Ошондо эле юрист Нурбек Токтакунов Кыргызстандын Рим статутун «өткөн убакыт» менен ратификациялап, статуттун күчүн 2022-жылдын сентябрында болгон кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалга жайылтууга мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирген.
Рим статутун ратификациялоонун маанилүүлүгүн конституциялык укук боюнча юрист Сания Токтогазиева дагы белгилеген. 2021-жылы ал Тажикстандын аскерлери Кыргызстандын жарандык калкына каршы аскердик кылмыштарды кылган фактылары боюнча Эл аралык кылмыш сотунун прокуроруна арыз жолдогон.
Ал Кыргызстан статутту дагы деле ратификациялай электигине карабастан Эл аралык жазык сотунун Тажикстанга карата юрисдикциясы бар экенин, себеби ал бул документти ратификациялаган мамлекет экенин билдирген.
2022-жылдын сентябрында Токтогазиева Эл аралык жазык сотунун прокурору Кыргызстандын кайрылуусун кабыл алганын айткан. Бирок кийинчерээк Орусиянын Украинага каршы согушунан улам Эл аралык жазык сотунун артыкчылыгы бул өлкөдөгү кылмыштарга берилгенин кошумчалаган.
Эл аралык жазык сотунун Путинди камакка алууга ордери
Рим статуту кабыл алынган учурда кыргыз бийлиги Эл аралык жазык сотунун чечимине ылайык, кокус Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга келип калса аны камакка алышы керек болот — бирок бул теория гана.
Эл аралык жазык соту Путинди камакка алууга ордерди марттын аягында чыгарган. Айыптоочу тараптын версиясына ылайык, Путин «бери эле дегенде 2022-жылдын 24-февралынан бери» балдардын Украинадан Орусияга депортацияланганы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
Бирок Эл аралык жазык сотунун мурдагы судьясы Говард Моррисондун айтымында, статутту ратификациялаган өлкө Путинди камакка алууга милдеттүү, бирок анын өкмөтү андай кадамга барабы-жокпу өлкө бийлиги макулдашуунун талаптарын аткарууга канчалык даяр жана аларды Орусиянын реакциясы канчалык тынчсыздандыра турганынан көз каранды.
«Маселе Эл аралык жазык соту — макулдашууларга негизделген сот экенинде. Югославия жана Руанда боюнча трибуналдарга караганда, анын VII бөлүгүнө ылайык [БУУнун уставында] көрсөтүлгөндөй, БУУнун Коопсуздук Кеңеши көрсөтүп бере алгыдай ыйгарым укугу жок. [...] Трибуналдар башка мамлекеттерди кызматташууга мажбурлай алат, ал эми Гаага соту намысы бар мамлекеттердин гана колдоосунан көз каранды, андай колдоо дайым эле боло бербейт», — деп түшүндүргөн Моррисон.
Мисалы, ал Рим статутун ратификациялаган Тажикстанда Путин кармалып калышы мүмкүн деген сценарий жүзөгө ашышы мүмкүн эмес деген. Ал Путин баары бир деле алдын ала келишпей туруп эч жакка барбасын белгилеген.
Эл аралык жазык сотунун Рим статуту — Эл аралык жазык сотун негиздеген эл аралык келишим. Ал 1998-жылы Римде дипломатиялык конференцияда кабыл алынган. Рим статуту 2002-жылы күчүнө кирген.
Ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, аталган эл аралык келишимге Кыргыз Республикасы 1998-жылдын 8-декабрында кол койгон, бирок ратификацядан өткөн эмес.
Эл аралык жазык сотунун комптенциясына геноцид, аскердик, адамзатына каршы, анын ичинде агрессия кылмыштары үчүн жооптуу адамдарды жазага тартуу кирет.