Юрист Сания Токтогазиева Тажикстандын аскерлери Кыргызстандын жарандык калкына каршы аскердик кылмыштарды кылган фактылары боюнча Эл аралык кылмыш сотунун прокуроруна арыз жолдоду. Бул тууралуу Токтогазиева фейсбук баракчасында билдирди.
«Бүгүн, Рим статутунун 15-беренеси менен пайдаланып, Эл аралык кылмыш сотунун прокуроруна Тажикстандын аскер кызматкерлери жана башкы командачылары Кыргыз Республикасынын жарандык калкына каршы аскердик кылмыштарды кылгандыгы үчүн тергөө ишин баштоо өтүнүчү менен кайрылуу (communication) жөнөттүм», — деп жазды Токтогазиева.
*Рим статунун 15-беренесинде Эл аралык кылмыш сотунун прокурорунун ыйгарым укуктары тууралуу жазылган. Прокурор аскердик кылмыштар тууралуу маалыматтын негизинде тергөө иштерин баштай алат. Ошондой эле, ал Бириккен улуттар уюмунун мүчөсү болгон мамлекеттерден кошумча маалымат талап кылганга укуктуу.
Токтогазиеванын кайрылуусун бир катар укук коргоочулар, юристтер, журналисттер жана коомдук уюмдар колдоду. Токтогазиеванын айтымында, алар маалымат чогултууга жана кайрылууну жазууга жардам беришкен.
Ошол эле учурда Токтогазиева УКМК, ИИМ жана Башкы прокуратура жардам бермек турсун, маалымат берүүдөн баш тарканына нааразы болду.
«Нормалдуу өлкөлөрдө Эл аралык сотторго мамлекеттик органдар кайрылууга милдеттүү. Алар өзүнүн функцияларын аткарууну каалабаганы аз келгенсип, көңүл кош карабаган жарандарга тоскоол жаратып жатышат», — деп жазды Токтогазиева.
Эл аралык соттун прокурору болуп 2021-жылдын 13-февралынан тарта британиялык укук коргоочу Карим Хан иштейт.
Тажикстандын аскерий агрессиясы
Кыргыз-тажик чек арасында жаңжал 28-апрелде Көк-Таш айылында жайгашкан «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында башталган. Анда тажик тарап мамычалардын биринде байкоочу камера орнотууга аракеттенген. Бирок кыргызстандыктар буга каршылык көрсөтүп эки тарап бири-бирине таш ыргыта баштаган.
29-апрелде таңга маал Тажикстандын куралчан аскерлери Кыргызстандын чек арага жакын айылдарына чабуул жасаган. Миңдеген адам октон аман калуу үчүн үй-жайын таштап качууга аргасыз болгон.
Бул окуяда 36 кыргызстандык курман болгон — алардын арасында 33 жай тургун, жаш балдар жана өлкөбүздү коргогон үч аскер кызматкери да бар. Дагы 154 адам жарадар болуп, Баткен жана Лейлек райондорунун чек арага жакын айылдарынан 40 миңден ашуун адам эвакуацияланган.
Эң көп жоготуулар Көк-Таш айылындагы «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында катталган — анда тажик тараптан атылган миномёттон 25 киши көз жумган.
Куралдуу агрессиядан Баткендин Баткен жана Лейлек райондорунда 136 турак үйү жана 84 объект өрттөлгөн. Мындан сырткары мал-жандыктары жана буюмдары тонолуп, документтери жоголгон.
Ал эми тажик тараптан 90 киши жарадар болуп, 20 киши каза болгон. Ошондой эле, 14 турак үй жана бир мектеп (жарым-жартылай) өрттөлгөн.
Президент Садыр Жапаров 6-майда Лейлек районундагы Максат айылынын тургундары менен жолугушууда курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө 1 млн сом өлчөмүндө компенсация төлөнө турганын билдирген. Ошондой эле, ал Баткен облусуна өзгөчө статус берилерин жана өрттөнгөн үйлөрдүн ордуна жаңы турак-жайлар салына турганын айткан.
Кыргыз өкмөтү Баткен облусундагы чек арага жакын айылдарды калыбына келтирүүгө 700 млн сом бөлгөн. Анын 500 млн сому социалдык объектилерди курууга жумшалат. Ошол эле, учурда өкмөт жабыркагандардын үйлөрүн гана куруп берүү милдетин алат, бирок алардын уурдалган мал-мүлкүнө жоопкерчилик албайт.
Ал эми Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Тажикстандын аракеттерин «аскердик агрессия» деп баалап, 11 сотко чейинки өндүрүш иши ачылганын билдирген.