Кемпир-Абад иши: Рита Карасатова 20-июнга чейин камакта калды

Кемпир-Абад иши боюнча кармалган Рита Карасатова 20-июнга чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу 19-апрелде Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

12-апрелде сот Кемпир-Абад боюнча кармалган бир нече активист жана саясатчыны үй камагына чыгарган.

2022-жылдын октябрында Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы чыккан 30га чукул активист жана саясатчы кармалган. Күч органдары аларга «Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген айып тагышкан.

Укук коргоочу уюмдар жана кармалгандардын жакындары муну саясий куугунтук деп атап, калыс териштирүүнү суранып президентке кайрылып, ошондой эле бир катар нааразылык акцияларына чыгышкан.

Ал эми тергөө Кемпир-Абадды коргоо боюнча комитеттин жолугушуусунан жаздырып алынган аудиого таянып, алар толук масштабдуу митингдерди уюштуруп (буга өлкөнүн мыйзамдары тыюу салбайт), бийликти басып алууну каалашкан деп айтууда.

Бирок кармалгандардын баары эле тергөө айтып жаткан комитеттин жолугушуусунда болгон эмес жана баары эле аталган комитеттин мүчөсү эмес. Анткен менен бардык фигуранттардын айыптоо корутундулары бирдей эле. Алардын баары тең бирдей чечимдердин негизинде бир нече айдан бери ТИЗОдо отурат.

2023-жылдын январында ИИМ Кемпир-Абад ишине толугу менен жашыруун макамын берген, бул бир катар юристтердин нааразычылыгын жараткан. 15-марта Бишкек шаардык соту жашыруун мөөрдү жарым-жартылай алып салган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бир кадр менен: Кемпир-Абад ишинин 12 фигуранты темир тор артында