Бир кадр менен: Кемпир-Абад ишинин 12 фигуранты темир тор артында

Дээрлик жарым жыл мурда, 23-октябрда Кемпир-Абад иши боюнча 30дай активист жана саясатчы кармалган. Алардын дээрлик жарымы коё берилди, бирок бир бөлүгү дагы деле камакта.

Жактоочу Канат Хасанов Кемпир-Абад ишинин абактагы фигуранттарынын сүрөтүн жарыялады. Бир күн мурун сот алардын баш коргоо чарасын 20-июнга чейин камакта калтыруу түрүндө узарткан.

Кемпир-Абад ишинин фигуранттары. Сүрөт: Канат Хасанов.

18-апрелге карата камакта кийинки кишилер калууда: Бектур Асанов, Акыл Айтбаев, Темир Махмудов, Равшан Жээнбеков, Кубанычбек Кадыров, Кеңешбек Дүйшөбаев, Жеңиш Молдокматов, Атай Бейшенбек, Марат Баязов, Азимбек Бекназаров, Али Шабдан (Чынарбек Шабдан уулу), Эрлан Бекчоро уулу, Айданбек Акматов, Айбек Бузурманкулов жана Илгиз Шаменов.

Укук коргоочу Рита Карасартованын баш коргоо чарасы 18-апрелде каралышы керек.

Кемпир-Абад ишинин бардык фигуранттары массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдык көрүүгө айыпталууда.

Камакка алынгандар күнөөнү моюнга алышкан эмес жана басым болуп жатканын айтып келишет. Алардын баары Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өткөрүлүшүн ачык сындашкан жана дал ушуну өздөрүнүн камалышынын негизги себеби деп эсептешет. Алардын айтымында, алардын иши боюнча тергөө жүргүзүлбөй жатат.

2023-жылдын январында ИИМ Кемпир-Абад ишин толугу менен жашыруун кылган. Бул жактоочу тараптын адвокаттарынын кыжырын келтирип, алар бул кадамды негизсиз деп аташкан. 15-мартта Бишкек шаардык соту бул ишке коюлган жашыруун деген грифти жарым жартылай алып салган.