20-апрелде Конституциялык сот Баш мыйзамдын 44-беренесинин 2-бөлүмүнө түшүндүрмө берди. Бул бөлүмдө жарандарга жашоо минимумунан төмөн эмес пенсия, жөлөк пул берүү кепилденген. Түшүндүрмө берүүнү минкаб талап кылган.
Сот бул берене мамлекеттин милдети катары чечмеленбеши керек деген жыйынтыкка келди.
«Пенсиянын, жөлөкпулдун жана башка социалдык жардамдын өлчөмүн аныктоо өлкөнүн экономикасынын абалынан жана мүмкүнчүлүгүнөн түздөн-түз көз каранды. Жободо “мыйзам менен белгиленген жашоо минимумунун өлчөмүнөн төмөн эмес жашоо деңгээлин камсыз кылат” деп жазылган. Бирок муну пенсия, жөлөкпул жана башка социалдык жардам мыйзамда көрсөтүлгөн жашоо минимумунан төмөн эмес өлчөмүн белгилөө мамлекеттин түздөн-түз милдети катары түшүнүүгө болбойт. Ал мамлекеттин конституциялык-маанилүү милдетти жеткире аткаруу аракетин көздөгөн максаттуу багыты катары каралышы керек», — деп белгилешти Конституциялык соттон.
Конституциялык соттон бул чечим акыркы болуп саналарын белгилеп, даттанууга жатпайт деп кошумчалашты.
Аткарылбаган берене
Азыркы Конституция 2021-жылы 5-майда күчүнө кирген. Баш мыйзамдын бул варианттын Конституциялык кеңешме иштеп чыккан. Анда [Баш мыйзам] социалдык Конституция болот деп баса белгилеген.
Ага пенсия, жөлөкпул жана башка социалдык жардам мыйзамда белгиленген жашоо минимунан төмөн эмес жашоо деңгээлин камсыздайт деген пункт кошулган. Конституциянын бул бөлүгү 2023-жылы 1-январда күчүнө кирген. Жашоо минимуму ал кезде айына 6800 сом болчу. Ал эми пенсиянын минималдык өлчөмү 1200 сомду түзгөн. Январда улуттук статком 2022-жылдын жыйынтыгы менен бир айлык жашоо минимуму 7178 сомду түзөрүн белгилеген.
Февралда парламент депутаттары бийликти Конституциянын талаптарын аткарбай жатасынар деп сынга алып, Минкабдын отставкасын талап кылышкан.
Минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров бул талаптарга: «Төлөбөсөк, өлөйлүбү эми?», деп жооп берген.
Башкы бетке иллюстративдик сүрөт колдонулду.
Дагы окууңуз:
Пенсиялык реформа. Мыйзам долбоору профилдик комитеттин кароосуна кайтарылды