Улуттук кураманын башкы тренери Штефан Таркович болду

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп словакиялык Штефан Таркович дайындалды. Таркович 50 жашта. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол союзу билдирди.

«КФС техникалык директору А.Ормомбеков талапкерлерди издөө боюнча аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Ошентип, 30 талапкер каралып, анын ичинен курама команданын башкы машыктыруучусу кызматына эң ылайыктуу 5 талапкер тандалды. Жыйынтыгында КФС Аткаруу комитетинин чечими менен Словакиядан келген адис Штефан Таркович Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп бекитилди», — деп билдириши футбол союзунан.

Футбол союзунун маалыматына ылайык, жаңы тренердин УЕФА Pro машыктыруучулук лицензиясы жана «Кыргызстандын улуттук курама командасын жетектөө үчүн жетиштүү тажрыйбасы бар».

Ошондойн эле футбол союзу Тарковичтин жетишкендиктерин дагы тизмектеди:

  • Bangkok Cup Кубогундагы жеңиш/2018-жылдын март айы;
  • ЕВРО 2016/2016-жылдын июль айындагы плей-оффко чыгуу;
  • Словакия курама командасынын ФИФА рейтингиндеги эң жогорку орду (14-орун) / 2015-жылдын августу.

Таркович Словакиянын башкы машыктыруучусу катары команданы Евро-2020га алып чыга алган.Ал эми 2022-жылы Таркович улуттук курама өз талаасында Улуттар лигасында Казакстандын командасынан утулуп калгандыктан (0:1) отставкага кеткен.

Кыргызстандын буга чейинки тренери Александр Крестинин башкы машыктыруучулук кызматынан апрелдин башында кеткен. Аталган кызматта Крестинин 9 жыл эмгектенген.

Анын жетекчилиги астындагы эң ийгиликтүү жыл — 2019-жыл болгон. Анда команда Азия кубогунун 1/8 финалына чейин жеткен.

2022-жылы кыргыз курамасы Крестининдин жетекчилиги менен тарыхта экинчи ирет Азия кубогуна жолдомо алган. Турнир 2024-жылдын январында өтөт.

Крестинин кызматынан «футбол союзу менен өз ара чечиминин негизинде» кеткени айтылган. Александр Крестинин өзү кызматынан эмне себептен кеткенин айта элек.