Россельхознадзор Кыргызстандан барган жүгөрүдөн ГМО таап чыкты

Россельхознадзор Кыргызстандан барган 14,2 тонна жүгөрүнүн үрөнүндө ГМО бар экенин аныктады. Бул тууралуу мекеменин сайтында айтылат.

Россельхознадзордын билдирүүсүнө ылайык, Кыргызстандан барган дан өсүмдүктөрүндө алардын сортун жана уруктун сапатын тастыктоочу документтер болгон эмес. Каптагы этикеткада толук маалымат камтылган эмес.

«Андан тышкары, продукция Кыргызстандын тиешелүү органдары тарабынан катталган коштоп жүрүүчү фитосанитардык сертификат менен киргизилген. Андагы маалыматтар транспорттук документтер менен дал келбейт», — деп билдиришти мекемеден.

Россельхознадзордон Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги «болгон окуянын себептерин тез арада изилдеп, мекеменин дарегине толук кандуу маалымат жөнөтөрүн» билдиришти.

Кыргызстанда өндүрүлгөн товарларга салынган тыюу

Февралда Россельхознадзор эки жылдан бери Кыргызстандан алып келинген форелдердин курамында зыяндуу заттардын деңгээли ашык болгон учурлар кайталанганын билдирген.

Апрелде Россельхознадзор адал эт азыктарын өндүргөн «Тойбосс» компаниясынын колбасасынан чочконун ДНКсы менен соя аныкталганын кабарлаган. Компания бул билдирүүлөрдү төгүндөгөн.

21-апрелде Орусия Кыргызстандан сүт азыктарынын бардык түрүн импорттоону убактылуу токтоткон. Россельхознадзор импортту убактылуу токтотууга сүт азыктарын чыгарган кыргызстандык ишкана, ферма жана сүттү чогултуу жайларын текшерүүнүн жыйынтыгы себеп болгонун билдирген.

Жаралган жагдайга комментарий берип жатып минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров бул жерде «чоң саясат көрбөй» жатканын айткан.

«Бул жерде биздин кызматтарга көбүрөөк суроолор бар… Бул жерде эч кандай чоң саясатты көрбөй элемин. [...] Бирок ЕАЭБдин төрт принциби (товар, капитал, кызмат жана жумушчу күчтүн аракеттенүү эркиндиги) иштебей жатканы мени катуу тынчсыздандырат. Биз товарлардын эркин аракеттенүүсүн камсыздашыбыз керек, бул, албетте, биринчи кезекте Орусияда», — деген өкмөт башчы.