Орусия Кыргызстандан сүт азыктарын сатып алууну убактылуу токтотту

Орусия Кыргызстандан сүт азыктарынын бардык түрүн импорттоону убактылуу токтотту. Орусиянын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматы Кыргызстандын Ветеринардык кызматына 21-апрелден тарта орусиялыктарга сүт азыктарын жеткирген өндүрүүчүлөргө сертификация берүүнү убактылуу токтотуу зарылдыгы тууралуу маалымдаган.

Импортту убактылуу токтотууга сүт азыктарын чыгарган кыргызстандык ишкана, ферма жана сүттү чогултуу жайларын текшерүүнүн жыйынтыгы себеп болгон. Текшерүү 10-16-апрель күндөрү жүргүзүлгөн. Инспекторлор кыргыз тарап сапатты «натыйжалуу эмес» камсыздайт, Орусияга сүт азыктарын экспорттоо кооптуу деп табышкан.

«Аталган кызмат мамлекеттик тийиштүү эпизоотикалык, ошондой эле мал чарба продуктусунун сапаты жана коопсуздугуна карата мониторингдин жоктугун аныктаган. Лабораториялык изилдөөнүн планында Орусиянын жана ЕАЭБдин мыйзамдарында каралган бир топ көрсөткүч камтылбаганы аныкталган. Кыргыз ишканаларында байкоо жүргүзүү системасы жок, чийки заттын кайдан келгенине байкоо жүргүзүү мүмкүн эмес. Компаниялар сүттү документи жок колдонушат жана продукцияны маркировкасы жок сакташат», — деп айтылат Орусиялык көзөмөл кызматынын катында.

Мекемеден сүт азыктарын импорттоо маселеси кыргыз тарап сүз азыктарын өндүргөн бардык ишкананын сапатын Орусиянын жана ЕАЕБдин талаптарына шайкеш келтирип, алар кайра текшерип чыккан соң каралат деп кошумчалашты.

Күмөндүү форель жана адал эмес колбаса

Буга чейин Орусиянын Ветеринардык көзөмөл кызматы Кыргызстандан Орусияга жеткирилген айрым азыктарды — форель, форель икрасы жана колбасаны импорттоону убактылуу токтоткон.

Февралда Орусиянын ведомствосу эки жылдан бери Кыргызстандан барган форелдерде зыяндуу заттар нормадан ашык болгон учур бир нече жолу аныкталганын билдиришкен.

Кыргызстандагы Балык чарба ассоциациясынын директору Олег Досаев убактылуу чектөөнүн кесепетинен өлкөдөгү балык чарбаларынын жабылып калуу коркучуну бар экенин айткан. Ал эми айыл чарби министри Аскарбек Жаныбеков 13-апрелде текшерүүдөн өткөн баардык ишканалар бир апта ичинде экспортту жандантат деп белгилеген.

Апрелде Орусиянын Ветеринардык көзөмөл кызматы Кыргызстандан импорттолгон адал колбасалардан чочконун ДНКсы менен соя аныкталганын кабарлаган. Бул соцтүйүндүн кыргыз сегментинде катуу талкуу жараткан.

Орусиянын ведомствосу колбасалар эт продукциясын өндүргөн «Тойбосс» компаниясына таандык экенин билдирди. Ал эми компаниядан «колбасаларга эч качан чочконун эти жана шариаттын негизинде союлбаган малдын эми колдонулбайт» деп белгилешти.