Маркум Айдай Кочкорованын апасы «Клооптун» журналисттерине кызы менен түшкөн сүрөтүн көрсөтүп жатат. Сүрөт: Kloop

Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну Жумагүл Нурбаева 14 жаштагы кызын зордуктап, андан соң өлтүргөндөр «акталышы мүмкүн» деп кооптонуп жатат. Ал 26-апрель күнү «Клоопко» кайрылып, соттолгондордун адвокаты маалымат жыйын өткөргөндөн кийин ушундай тыянакка келгенин билдирди.

Секелекти зордуктап өлтүрүүгө шектелген төрт кишинин экөө 2022-жылы 4-декабрга караган түнү Ош шаарындагы №5 тергөө абагында каза болгон. Үстүбүздөгү жылдын февралында жашы жете элек үчүнчү айыпталуучу 10 жылга, төртүнчүсү мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратылган болчу.

Эмне болду?

24-апрелде айыпталуучулардын жактоочусу Эрнис Исаев коомчулукка кайрылуу жасап, кылмыш ишинин алкагында табылган жаңы жагдайлар «тергөөнүн версиясына дал келбей жатканын, ал айыпталуучулардын ишке эч кандай катыштыгы жоктугун көрсөтөрүн» билдирди.

Жактоочу Эрнис Исаев. Сүрөт: «Акипресс»

Исаев тергөөдө жашы жете электерге карата иш жүргүзүү тартиби сакталбай, суракка өспүрүмдүн мыйзамдуу өкүлү катары «ата-энеси же баланы асырап алган киши эмес, таекеси катышканын» билдирди. Анын айтымында, сурак учурунда шектүүлөрдүн көрсөтмөлөрү милдеттүү аудио-видеого жаздырылган эмес.

«[Экспертизанын] корутундусунда жазылгандай, эксперттик үлгүлөр изилдөөгө келгенде чапталган пакеттердин баары айрылган, коюлган мөөрлөр ачылып-жабылган. Соттук-экспертизаларды жүргүзүү мыйзамы жана нускамасына ылайык, андай экспертиза жүргүзүү мүмкүн эмес, “токтомду ким дайындаган болсо кайтарып жибериши керек” деп жазылып турат. Бирок эксперт [Венера] Шаршенова андай кылган эмес, экспертизаны мыйзам бузуу менен жүргүзгөн», — деп билдирди Исаев.

Жактоочу Баткен облустук сотундагы экинчи инстанциядагы соттук отурумга негизги күбөлөр келбей, алардын мурдагы көрсөтмөлөрү окулганын бидирди. Ошондой эле жашы жете элек айыпталуучунун сотуна прокурор жана анын орун басары катышпаганын кошумчалады.

Исаев кылмыш боюнча экспертиза дайындала электе эле прокуратуранын кызматкерлери иштин курамында «адам өлтүрүү эле эмес, зордуктоо фактысы дагы катталганын айтып чыгышканын белгиледи.

Ал мындай билдирүүнүн шартында бул ишти «адилеттүү, ар тараптуу териштирүүгө эч кандай мүмкүнчүлүк калган эмес» деген пикирде.

«Ош шаарындагы №5 абагында отурган шектүү Машрап Шадыбеков менен Султанбек Абдуллажан уулу 2022-жылы 4-декабрда бир убакытта эле каза табышкан. Бүгүнкү күндө алардын өлүмү боюнча тишелүү органдар бизди канааттандыра турган териштирүү деле жүргүзгөн жок, мындай айтканда, “итке иттей өлүм” дегендей эле кабыл алып коюшту», — деди Исаев.

Жактоочунун айтымында, түрмөдө каза тапкан шектүүлөрдүн бири Машрап Шадыбеков каза болор алдында «өзүм жасадым» деп күнөөсүн мойнуна алган. Ал эми экинчиси — Султанбек Абдуллажан уулу «бул ишти жасаган да, ал жерде болгон да эмесмин» деп кат жазып калтырган.

«Бүгүнкү күндө биздин позициябыз бир эле нерсе — Денис Гапыров менен Элдияр Бактияр уулунун бул ишке эч кандай тиешеси жок. [...] Буга чейин эки жараныбызды өлтүрүп алдык, эми эки жаран тирүү кезде жардам берип, бейкүнөө балдарыбызды сактап калышыбыз керек», — деп ал президент, башкы прокурор жана акыйкатчыга кайрылды.

«Күнөөлүүлөрдү актоо аракети»

Ал эми өспүрүмдүн апасы Жумагүл Нурбаева жактоочунун айткандарын төгүндөп, аны «күнөөлүүлөрдү актоого аракет кылууда» деп айыптады.

«Негизи бул эки баланын [окуяга] түздөн-түз катыштыгы бар, алар атайын келип өлтүрүп кетишкен. Адвокат Исаев жалган айтып, милиция кызматкерлерин айыптап, сот өкүлдөрүнө психологиялык басым жасап, балдарды актап чыгаруунун аракет кылып жатат. Сот жабык өтүп жатканы үчүн басма сөз каражаттарына жана элге жалган маалымат таратып жатканына нааразымын», — деди Нурбаева.

Маркум Айдай Кочкорованын апасы Жумагүл Нурбаева. Сүрөт: Kloop

Маркумдун апасы айыпталуучуларга «эч кандай басым болгон эмес» деген пикирин билдирди. Анын айтымында, күнөөлүүлөр тескерисинче окуянын чоо-жайын «өз каалоолору менен» айтып беришкен.

«Алар эми адвокат Эрнис Исаевдин сөзү менен берген көрсөтмөлөрүн өзгөртүүгө аракет кылып жатышат. Экспертизада төрт баланын тең зордуктаганы аныкталган, тергөө учурунда бири-бирин өздөрү эле айтып беришкен. Биз президент “өз көзөмөлүмө алдым” дегенине ишенип, туура, адилеттүү чечим чыгышына жана өкүмдүн өзгөрүүсүз калтырына ишенебиз. Адилеттүү чечим чыгат деген үмүттөбүз», — деди ал.

Ал эми Башкы прокуратуранын басма сөз кытчысы Сирожиддин Камалдинов 27-апрелде «Клоопко» өткөн жылы абакта асынган абалда табылган айыпталуучулардын өлүмү боюнча тергөө амалдары уланып жатканын билдирди.

Кадамжайда 14 жашар кыздын киши колдуу болушу

Өткөн жылдын 4-сентябрында Кадамжай райондук милициясына Ноогардан айылынын түштүк тарабынан өткөн Ош — Раззаков унаа жолундагы сел өтүүчү тоннелден белгисиз кыздын сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине келген милиция кызматкерлери кыздын колдору артына байланганын, мойнунда муунтудан калган жиптин издер бар экенин аныкташкан. Башкы прокурор Курманкул Зулушев кармалгандар кызды зордуктоого да айыпталып жатканын айткан.

«Адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Ишти президент Садыр Жапаров жеке көзөмөлүнө алганын айтып, «кылмышкерлер өтө катуу жаза алууга тийиш» деп билдирген. Ал эми башкы прокурор Курманкул Зулушев укук коргоо органынын кызматкерлери бул ишти «адилет тергеп берет» деп убадалаган.

5-сентябрда кыздын өлүмүнө шектелип 1995, 1997 жана 1998-жылы туулган Кадамжай районуну үч тургуну кармалган. Кийинчерээк бул ишке катыштыгы бар делип төртүнчү шектүү — жашы жете элек өспүрүм кармалган. Алардын бардыгы Кадамжай райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынган.

Ошол эле жылы 4-декабрга караган түнү Ош шаарындагы №5 тергөө абагында бул ишке шектүү эки киши каза болгон. Маркумдун жакындары алардын ТИЗОнун эки бөлөк камерасында бир эле убакта асынып, өз жандарын кыйганына ишенбей турганын айтышкан.

Алар шектүүлөргө абакта басым көрсөтүлгөн деп эсептешип, бул окуяга «президенттин түздөн-түз күнөөсү бар» деп билдиришкен.

Кийин Оштогу тергөө абагынын кызматкерлеринин шалаакылыгы боюнча кылмыш иши козголгон. Соттук-медициналык экспертизадан маркумдардын денесинде эски тактар болгонун билдирген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кадамжай: 14 жашар кызды өлтүрүүгө айыпталгандардын бири 10 жылга, экинчиси өмүр бою эркинен ажыратылды

«Асынмак эмес». Окуучу кыздын өлүмүнө шектелгендердин жакындары алар суицидге бармак эмес дешүүдө