Кадамжай: 14 жашар кызды өлтүрүүгө айыпталгандардын бири 10 жылга, экинчиси өмүр бою эркинен ажыратылды

Баткен облусунун Кадамжай районундагы 14 жашар кызды өлтүрүүгө айыпталган эки кишиге сот өкүм чыгарды. Бул маалыматты 1-мартта «Клоопко» Баткен облустук сотунан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, өкүм 7-февралда жана 28-февралда чыгарылды. Ага ылайык, айыпталуучулардын бири 10 жылга кесилди. Ал эми экинчиси мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратылды.

Буга чейин, 2022-жылдын 4-декабрында секелекти өлтүрүүгө шектелген төрт кишинин экөөсү Ош шаарындагы №5 тергөө абагында каза болуп калган. Алардын асынган абалда табылганы кабарланган.

Ал эми маркумдун жакындары алардын ТИЗОнун эки бөлөк камерасында бир эле убакта асынып өз жандарын кыйганына ишенбей турганын айтышкан.

Маркумдун туугандары шектүүлөргө изолятордо басым көрсөтүлгөн деп эсептешкен. Алар бул окуяда президент Садыр Жапаровдун түздөн-түз күнөөсү бар деген пикирин билдиришкен.

Кыйноолорду алдын алуу борборунан Оштогу тергөө абагынын кызматкерлеринин шалаакылыгы боюнча кылмыш иши козголгонун белгилешкен. Ал эми соттук медициналык экспертизадан маркумдун денесинде эски тактар болгонун билдиришкен.

Кадамжайда 14 жашар кыздын киши колдуу болушу

Өткөн жылдын 4-сентябрында Кадамжай райондук милициясына Ноогардан айылынын түштүк тарабынан өткөн Ош — Раззаков унаа жолундагы сел өтүүчү тоннелден белгисиз кыздын сөөгү табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Жерине келген милиция кызматкерлери кыздын колдору артына байланганын, мойнунда жип менен муунтудан калган издер бар экенин аныкташкан. Башкы прокурор Курманкул Зулушев кармалгандар кызды зордуктоого да айыпталып жатканын айткан.

«Адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

5-сентябрда кыздын өлүмүнө шектелип 1995, 1997 жана 1998-жылы туулган Кадамжай районуну үч тургуну кармалган. Кийинчерээк бул ишке катыштыгы бар делип төртүнчү шектүү — жашы жете элек өспүрүм кармалган. Алардын бардыгы Кадамжай райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынган.

14 жашар секелектин окуясына байланыштуу ишти президент Садыр Жапаров жеке көзөмөлүнө алганын айткан. Ал эми башкы прокурор Курманкул Зулушев укук коргоо органынын кызматкерлери бул ишти адилет тергеп берет деп убада кылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кадамжай районунда 14 жашар кызды өлтүрүүгө шектелген эки киши Оштогу абакта каза болду

Башкы прокуратура: 14 жашар кызды өлтүрүүгө шектелгендер өмүр бою эркинен ажырашы мүмкүн