Үй-бүлөлүк зомбулук: Шектүүлөрдү күзөтүү үчүн электрондук билериктерди киргизүү сунушталды

Министрлер кабинети 4-майда кылмышка шектүүлөрдүн жайгашкан жерин жана алардын кыймыл аракетин көзөмөлдөө үчүн электрондук билериктерди киргизүү маселесин талкуулады. Бул тууралуу өкмөттүн сайтында айтылат.

Юстиция министри Аяз Баетов жыйында электрондук билериктер «пенитенциардык* системаны өнүктүрүүнүн жаңы этабы болуу менен» укук коргоо органдарынын ишинин сапатын жогорулатууга жана жарандардын коопсуздугун камсыздоого жардам берерин айтты.

*Пенитенциардык (жаза аткаруу) система жаранды эркиндигинен ажыратуу менен байланыштуу дагы, байланыштуу эмес дагы жазаларды аткарууну камтыйт.

«Бул технология укук бузуулардын санын кыскартууга жана укук коргоо органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга жардам берет. Электрондук билериктерге карата ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жаткан шектүүлөрдү көзөмөлдөөнүн милдеттүү элементи болуп калышы мүмкүн, ошондой эле үй-бүлөлүк жана аялдарга карата зомбулук бир топ кыскартууга жардам берет», — деди юстиция министри.

Электрондук билериктер оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасаган шектүүлөргө карата колдонулбайт.

Жыйындын соңунда өкмөт башчы Акылбек Жапаров бул системаны ишке киргизүү боюнча башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын изилдеп чыгууну тапшырды.

Кыргызстандагы үй-бүлөлүк зомбулук

Мартта Улуттук статистикалык комитет БУУнун Аялдар түзүмүнүн колдоосу менен «Туруктуу өнүгүүнүн максаттары жана Кыргызстандагы гендер» аттуу колдонмо жарыялаган. Анда изилдөөчүлөр үй-бүлөлүк зомбулук өсүп жатканын, жабырлануучулар аялдар экенин, ошондой эле экономика, саясат жана үй жумуштарын жасоодо аялдар менен эркектердин ортосунда тең салмактуулук сакталбай жатканын баяндашкан.

Маалыматка ылайык, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандардын саны алты жыл ичинде дээрлик үч эсеге өскөн. Авторлор 2015-жыл менен 2021-жылга карата маалыматты салыштырган. Жабыркагандардын басымдуу бөлүгү — 96% — аялдар.

Корутундуда 2021-жылы катталган 10 151 үй-бүлөлүк зомбулуктун 256 учурунда гана (2,5%) кылмыш иши козголгон. 2021-жылы кризисттик борборлорго 15 696 адам кайрылган. Анын 12 559ун аялдар түзгөн. Кайрылуулардын басымдуу бөлүгү үй-бүлөлүк зомбулук боюнча болгон.