Бир кадр менен: Садыр Жапаров FIFA’нын президенти менен футбол ойноду

5-майда Бишкекте Президент Садыр Жапаров менен FIFA’нын президенти Жанни Инфантинонун командалары жолдоштук беттеш өткөрдү. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, FIFA’нын курамында уюмдун түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери, анын ичинде Франция курамасынын мурдагы оюнчусу, 1998-жылы Дүйнө чемпиону жана 2000-жылы Европа чемпиону болгон Юрий Джоркаефф да ойноду.

Ал эми президенттин тайпасы министрлер кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери, президенттик аппараттын кызматкерлеринен түзүлдү.

Жолдоштук бетештин соңунда өлкө башчынын командасы жеңишке жетти. Оюндун аягында Инфантино Жапаровго анын аты жазылган FIFA’нын формасын белек кылды.

Кечээ, 5-майда FIFA’нын президенти Жанни Инфантино Кыргызстанга келген. Иш сапарында Инфантино президент менен да жолугуп, Кыргызстан футбол союзунун жаңы кеңсесин ачууга катышкан. Имараттын курулушу FIFA Forward долбоорунун негизинде ишке ашкан.