Бир кадр менен: FIFA’нын президенти Жанни Инфантино Бишкекке учуп келди


FIFA’нын президенти Жанни Инфантино Бишкекке келди. Сүрөт: «Манас» аэропортунун басма сөз кызматы.

5-майда FIFA’нын президенти Жанни Инфантино расмий иш сапары менен Бишкекке келди. Бул тууралуу «Манас» аэропортунун басма сөз кызматы кабарлады.

Инфантино Кыргызстанга Кыргызстан футбол союзунун президенти Медербек Сыдыковдун чакыруусу менен келди. Иш сапары учурунда Инфантино президент Садыр Жапаров менен да жолугушат.

Андан тышкары FIFA’нын президенти Жапаров менен биргеликте Кыргызстан футбол союзунун жаңы кеңсесин ачууга катышат. Анын курулушу «FIFA Forward» долбоорунун негизинде ишке ашкан.