Орусиянын Тергөө комитетинин башчысы согушка кош жарандыгы бар мигранттарды жөнөтүүнү сунуштады

Орусиянын Тергөө комитеинин башчысы Александр Бастрыкин орус армиясы 2022-жылдын февралында бастырып кирген Украинага каршы согушка кош жарандыгы бар мигранттарды жөнөтүүнү сунуштады. Маалыматты «Московский комсомолец» басылмасы таратты.

«Эл мындай ойду айтып жатат: орустар фронтто жүргөндө, мигранттар тылга чабуул коюп жатат. Адамдар эгер алар Орусиянын жараны, жарандык алышкан болсо, анда алдыңкы катарга барышсын деп жатышат. Алдыңкы катарга барбайсыңбы, жарандык милдетиңди аткарбайсыңбы, анда, сураныч, мекениңе кет [деп сунушташууда]», — деди Бастрыкин.

Ал Орусияда мигранттардын санынын өсүшү менен катар алар жасаган кылмыштардын саны дагы көбөйүп жатканын кошумчалады.

Бастрыкин өз идеясын айтканга чейин Мамдуманын депутаты Михаил Матвеев орус жарандыгы бар мигранттарды Украинага согушка жөнөтүүгө жол ачкан мыйзам долбоорун даярдап жатканын билдирди.

«Кош жарандыгы барларды аскерге чакыртууга болбойт, алар Орусиянын Куралдуу күчтөрүнө келишимдик негизде гана ыктыярчы болуп бара алышат. Ошондуктан кечээки эле мигранттардын басымдуу бөлүгү билип туруп эле өз республикаларынын паспортторунан баш тартпай жатышат — анан бул жерде дагы Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн катарына жана мобилизацияга чакыртууга болбойт», — деп жазды ал Телеграм-каналында өз демилеси боюнча үн катып.

Орусияда мигранттардын арасында аскерге расмий чакыруу жок болгонуна карабастан бул көмүскө жүзөгө ашырылууда. Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандары Украинадагы согушка катышып жатканы тууралуу фактылар алар курман болуп калгандан кийин билинүүдө.

Согушта каза тапкандар көбүнесе орусиялык бизнесмен Евгений Пригожиндин Вагнер жеке менчик аскердик компаниясынын катарында согушкандар болгон. ЧВК согушка көбүнчө Орусиянын абактарында жаза өтөп жаткан мигранттарды мыйзамсыз тартып кетүүдө.

Акыркы жолу 11-майда «Азаттык» согушта дагы бир кыргызстандык каза тапканын, ал ЧВК Вагнердин катарында согушканын билдирди. Басылманын маалыматы боюнча, 33 жаштагы Чыңгыз Изабеков карактоо үчүн Орусиянын абагында жаза өтөп жаткан.

Изабековдун туугандары колуна алган документте кыргызстандык 2023-жылдын январынын ортосунда каза тапканы айтылат. Маркумдун сөөгү Кыргызстанга апрелде алып келинип, 13-апрелде жерге берилген.

Мындан тышкары, апрелде Орусиянын маалымат каражаттарында Москвадагы «Сахарово» миграциялык борборунда кайрадан мигранттарды Украинадагы согушка тартуу иши жүрүп жатканы тууралуу маалымат пайда болгон. Анда «Сирена» басылмасы борбордо иштеген кызматкерлерди «мигранттарга орус армиясынын катарында контракттык негизде кызмат өтөп келүүнү сунуштоого мажбурлап жатышканын» билдиришкен.

Орусияда Борбор Азиядан, анын ичинде Кыргызстандан барган эмгек мигранттары көп. Бастрыкин ачыктаган маалымат боюнча, Орусияда ар башка өлкөдөн келген 14,5 млнго чукул мигрант бар.

Тема боюнча: Британиянын чалгындоосу: Орусия мигранттарды Украинадагы согушка азгырууга аракет кылып жатат