ЖМК: Москванын «Сахаровосунда» кайрадан мигранттарды согушка тартуу иши жүрүп жатат

Орусиянын «Сирена» басылмасы Москванын «Сахарово» миграциялык борборунда кайрадан мигранттарды Украинадагы согушка тартуу иши жүрүп жатканын жазды. Бул тууралуу басылмага миграциялык борбордо иштеген адамдардын бири айтып берген.

Басылманын маалыматына ылайык, борбордо иштеген кызматкерлерди «мигранттарга орус армиясынын катарында контракттык негизде кызмат өтөп келүүнү сунуштоого мажбурлап жатышат».

Сүрөт: «Сирена» басылмасы.

«Мигрант эмгек патентин алууга документ тапшырганы келгенде кызматкерлер ага аскердик кызматты жарнамалаган буклетти сунуп, келишим түзүү пунктуна жөнөтүшү керек. Макул болгондору менен дароо ошол эле жерде келишим түзүлөт», — деп жазды басылма.

Борбордун кызматкери буга чейин согушка үгүттөө оозеки болуп келгенин да кошумчалады. Мигрант макул болгон учурда анын патент тууралуу кайрылуусу макул болгонду деген комментарий менен белгиленип, аны менен байланышка чыгышчу.

Орусиянын Украинага каршы согушунда кызмат өтөө үчүн айына 190 миң рубль маяна сунушталат. Ошондой эле кызмат өтөп келген соң түрдүү социалдык жеңилдиктер каралган. Мындан тышкары, согушта кызмат өтөп келген мигрант орус жарандыгын жеңилдетилген шартта ала алат.

Бирок Кыргызстандын ТИМи кыргызстандыктардын башка өлкөнүн катарында согушка катышуу үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын бүгүнкү күндөргө чейин эскертип келет.

ЧВК Вагнердин торуна түшкөн кыргызстандыктар

Орусияда мигранттарды Украинадагы согушка каршы катышуу үчүн азгырып жатышканы тууралуу 2022-жылдын сентябрында белгилүү болгон. Ошол эле учурда башка мамлекеттин жарандары Орусиянын негизги армиясына эмес, Вагнер жеке менчик аскердик компаниясына тартылып жатканы аныкталган. Бул компанияга бизнесмен Евгений Пригожин ээлик кылат, ал Путиндин ашпозчусу катары дагы таанымал.

2023-жылдын февралына карата согушта ЧВК Вагнердин катарында жүрүп эң аз дегенде беш кыргыз жараны каза тапканы белгилүү.

Орусияда эмгек миграциясында жүргөндөрдөн тышкары Орусиянын абактарында жаза өтөп жаткан Борбор Азиянын жарандарын дагы согушка тартуу иши жүрүп жатканы маалым.

Ушундай окуя болгону тууралуу акыркы жолу «Азаттык» билдирген. Анда Орусиянын Украинага каршы согушунда Кыргызстандын 30 жаштагы жараны Эрлан Эрмеков каза болгону маалымдалган.

Орус армиясынын Украинага толук максштабдуу кол салуусу 2022-жылдын 24-февралында башталган. БУУнун 3-апрелге карата маалыматына ылайык, согуш жүрүп жаткан бир жылдан бери жай тургундардын арасынан 22 607 киши каза болгон.

Тема боюнча: «Азаттык»: «Абактагы балам согушта экен». «Вагнердин» торуна түшкөн кыргыз жарандары