Британиянын чалгындоосу: Орусия мигранттарды Украинадагы согушка азгырууга аракет кылып жатат

Орусия бийлиги Борбор Азиянын эмгек мигранттарын Украинадагы согушка азгырып алып кетүүгө аракет кылып жатат. Бул тууралуу Улуу Британиянын Коргоо министрлиги Орусиянын Украинада ачкан согушуна көз салган күн серебинде билдирди.

Рекрутёрлор мечиттерди кыдырып, ал эми миграциялык борборлордо өзбек жана тажик тилинде сүйлөгөн кызматкерлер мигранттарга орус армиясында кызмат өтөөнү сунуштап жатышканы айтылат.

Улуу Британиянын Коргоо министрлиги «Азаттык радиосуна» таянып, рекрутёрлор мигранттарга бир жолудан 2390 доллар акы жана айына 4160 доллар айлык сунуштап жатканын билдирди. Андан тышкары, орус жарандыгын беш жыл эмес, жарым же бир жылдын ичинде алып берүү убадасы каралган.

Ошол эле учурда, Британиянын чалгын кызматынын божомолуна ылайык, согушка азгырылып тартылган мигранттар орус армиясы ири жоготууларга учурап жаткан алдыңкы саптарга жиберилиши мүмкүн.

Күн серепте мигранттарды согушка тартуу Орусия бийлигинин Коргоо министрлиги белгилеген максатка жетүүнүн ыкмаларынын бири экени айтылат — Украинадагы согушка 400 миң «ыктыярчы» жиберүү.

Орусия 2022-жылдын 24-февралында Украинанын аймагында баштаган согушу бүгүнкү күнгө чейин улантууда, ал акыркы учурларда согушка борбор азиялык мигранттарды тартууга жигердүү аракеттерди көрүүдө.

Алгач Орусиянын абактарында жаза өтөп жаткан мигранттар Вагнер жеке менчик аскердик компаниясына тартылып жатканы тууралуу маалыматтар чыккан. Бул компанияга бизнесмен Евгений Пригожин ээлик кылат, ал Путиндин ашпозчусу катары дагы таанымал. 2023-жылдын февралына карата согушта ЧВК Вагнердин катарында жүрүп эң аз дегенде беш кыргыз жараны каза тапканы белгилүү.

Апрелде Орусиянын маалымат каражаттарында Москвадагы «Сахарово» миграциялык борборунда кайрадан мигранттарды Украинадагы согушка тартуу иши жүрүп жатканы тууралуу маалымат пайда болгон.

Андан тышкары, борбор азиялык мигранттар Орусия Украинада басып алган жерлерде окоп казууга же жардыруу жана аткылоодон кийин кыйраган имараттарды калыбына келтирүү иштерине чакырылып жатканы маалым.

Тема боюнча окуңуз: Абак жана арзыбаган акча үчүн өлүм. Орус армиясы үчүн окоп казууга мигранттар тартылууда

«Азаттык»: «Абактагы балам согушта экен». «Вагнердин» торуна түшкөн кыргыз жарандары