Ош: Куралдуу карактоолорго шектелген топ кармалды

Ош шаарында 3,6 миллион сомду жана Кара-Суу районундагы куралдуу карактоого шектелип бир нече адамдан турган топ кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан билдиришти.

«Ош шаарынын аймагындагы акыркы мезгилдеги катталган каракчылык фактыларынын баары ачылды. Бир нече адамдан турган куралдуу топ кармалып, далил буюмдар алынды», — деп жазылат маалыматта.

Милициядан бул боюнча кийинчерээк толук маалымат берүүнү убадалашты.

Буга чейин, 8-апрелде Бишкек шаарында жеке ишкерди опузалап 350 миң сом акча алып жаткан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалган.

ТЕМА БОЮНЧА:

УКМК ишкерди опузалап 350 миң сом алып жаткан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармады

«Жер мафиясы». «Кадастрдын» кызматкерлери жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды