«Жер мафиясы». «Кадастрдын» кызматкерлери жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Чүй облусунун Сокулук районундагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу 9-мартта УКМКнын басма кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Сокулуктагы «Кадастр» мекемесинде кызматтык ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу жана документтерди жасалмалоо фактысы аныкталган.

Натыйжада аталган мекеменин директорунун орун басары, бир кызматкери жана уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсү кармалган.

Алар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

5-мартта президент Садыр Жапаров башкы прокурор Курманкул Зулушев менен бирге төрт балалуу аялдын үйү соттун чечими менен сүрдүрүлгөн «Ак-Ордо» конушуна барган.

Ал жакта Жапаров «жер мафиясы» боюнча териштирүү жүргүзүп, бардык күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу боюнча тапшырма берген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ак-Ордо: Кошунасы жазган арыздын негизинде үйү буздурулган аял төрт баласы менен көчөдө калды

Садыр Жапаров үйү түрттүрүлүп, төрт баласы менен көчөдө калган аялдын окуясын териштирүүнү убадалады

Ак-Ордо конушундагы үйү сүрдүрүлгөн аялга кайрадан там салына баштады