УКМК ишкерди опузалап 350 миң сом алып жаткан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармады

Бишкек шаарында жеке ишкерди опузалап 350 миң сом акча алып жаткан жеринен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Маалыматты «Клоопко» 8-апрелде атайын кызмат тастыктады.

Маалыматка ылайык, кармалган адам шериктери менен апрель айынын башында жеке ишкерди күч колдонуп унаага салып, Бишкектин четине алып барган. Анда жабырлануучунун денесине темир буюм менен оор залал келтирген.

Андан соң 350 миң сом талап кылып, күрөө катары «Тойота Камри» үлгүсүндөгү унаасын алып кетишкен.

Факты боюнча УКМК «Опузалоо» беренеси менен иш козгоп, шектүү талап кылынган акчаны алып жаткан жеринен кармады. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Атайын кызмат кылмышка тиешеси бар дагы башка адамдар изделип жатканын кошумчалады.