Чаткалда мыйзамсыз алтын казгандарга карата кылмыш иши козголду

Сүрөт: Башкы прокуратура

Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Карадөбө-Бузук аймагынан алтын казууга лицензия берүүдө ашыкча 19 гектар жер мыйзамсыз ижарага берилгени аныкталды. Бул тууралуу 22-майда Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Чаткал» токой чарба мекемеси 2021-жылы алтын казган компания менен келишим түзүп, лицензияда көрсөтүлгөн 24 гектардан тышкары дагы 19 гектар жерди 2026-жылга чейин ижарага берип салган.

«Мындан сырткары алтын казган компания кен иштетүүдө “Жер казынасы жөнүндө” мыйзамдын талаптарын бузуу менен лицензияда уруксат берилген аянттан тышкары дагы 1,50 гектар ашыкча жерден мыйзамсыз алтын казып келген» — деп белгилешти көзөмөл органдан.

Бул иш боюнча Чаткал райондук прокуратурасы «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Мыйзамсыз ишмердүүлүк же банктык иш» беренелери менен кылмыш ишин козгоду. Азыркы тапта тергөө жүрүп жатат. 

Өткөн жылы дагы Чаткалдагы кен казган компания лицензияда көрсөтүлгөн аймактан тышкары жерден мыйзамсыз алтын казып жүргөнү аныкталган. Бул ишти жашырган делип Чаткал районундук администрациясынын жооптуу кызматкерине «Коррупция» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

                                                                               Автору: Бурулсун Жумалиева