Бир кадр менен: Бишкектеги президенттик администрациянын жаңы имаратынын курулушу

Бишкекте сүрдүрүлгөн «Ысык-Көл» мейманканасынын ордунда президенттик администрациянын жаңы имаратынын курулушу уланууда, анын капсуласы 2022-жылы апрелинде салынган

Президенттик администрациянын жаңы имаратынын курулушу. Сүрөт: «Клооп»

Долбоор курулуш башталганга чейин эле коомчулукта бир топ нааразычылыктарды жараткан. Кийин президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев өлкө башчысынын администрациясы курулуп жатканы Кыргызстандын социалдык-экономикалык жактан чыңдалышынын символу болууга тийиш деп айткан.

«Бул ошондой эле Кыргызстандын аброюна тийиштүү маселе. Чет мамлекеттерге барганда алардын административдик комплекстерине, архитектурасына дайыма суктануу менен карайбыз. Кудай буюрса, эми өлкөбүздүн коноктору да бизге ушундай суктануу менен карашсын», — деп жазган ал Фейсбук барагында.

Буга чейин Садыр Жапаров мейманкананын ордуна президенттин администрациясын куруу боюнча чечим «элдин жыргалчылыгы үчүн» кабыл алынганын, бул үчүн бюджеттен «бир дагы тыйын» бөлүнбөгөнүн айткан.

«Ысык-Көл» мейманканасы

«Ысык-Көл» мейманканасы 38 жыл мурда, 1984-жылы курулган. 14 жыл имарат бош турган — мейманкана катары 2007-жылдан тартып колдонулбай калган.

Мейманкана көп жылдан бери архитектуралык эстеликтер макамын алып президенттин иш башкармалыгынын балансында болуп келген. 2021-жылдын апрель айында Бишкек мэриясы «Ысык-Көл» мейманканасын архитектуралык эстелик макамынан ажыраткан.

Бийликтин мейманканынын имаратын сүрдүрүү планы 2021-жылдын декабрь айында ачыкка чыккан. Анда президенттин администрациясынан «Ысык-Көл» мейманканасын эксплуатациялоо «мүмкүн эмес жана коркунучтуу» деп билдиришкен.

Ведомствонун маалыматына ылайык, мейманкананы калыбына келтирүү үчүн «жаңы имаратты курууга кете тургандай сумма керектелмек».

Мейманкананын ордуна мамлекеттик маанидеги жаңы административдик комплекс куруу пландалып жатат. Мындай чечим «акча каражаттарын рационалдуу пайдалануу, унаа жолдорун бошотуу жана борбордун эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу» максатында кабыл алынган.