«Кыргызстандын аброюна тийиштүү маселе». Эрбол Султанбаев президенттик администрациянын курулушу тууралуу

Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев «Ысык-Көл» мейманканасынын ордуна өлкө башчысынын администрациясы курулуп жатканы Кыргызстандын социалдык-экономикалык жактан чыңдалышынын символу болууга тийиш деп эсептейт.

Ал мурда Бишкектеги аянттар жеке колдорго «арзыбаган акчага өтүп», аларга башаламан курулуштар түшкөнүн айтат. Бирок 16 гектар жерге акыры «заманбап» имарат курулуп, кандай гана чет элдик делегациялар болбосун ал жерде кабыл алуу «уят болбойт» деп билдирди.

«Бул ошондой эле Кыргызстандын аброюна тийиштүү маселе. Чет мамлекеттерге барганда алардын административдик комплекстерине, архитектурасына дайыма суктануу менен карайбыз. Кудай буюрса, эми өлкөбүздүн коноктору да бизге ушундай суктануу менен карашсын», — деп жазган ал Фейсбук барагына.

Буга чейин Садыр Жапаров «Ысык-Көл» мейманканасынын ордуна президенттин администрациясын куруу боюнча чечим «элдин жыргалчылыгы үчүн» кабыл алынганын, мамлекеттик бюджеттен «бир дагы тыйын» бөлүнбөй турганын айткан.

«Биздин коомчулукка жакшы иш жасасаӊ да, жаман иш жасасаӊ да жакпайсын. Ошол үчүн мурдакылар эч нерсе жасабай эле жыргап олтура берейинчи деп тажаган сыяктуу?» — деген пикирде президент.

«Ысык-Көл» мейманканасы

«Ысык-Көл» мейманканасы 38 жыл мурда, 1984-жылы курулган. 14 жыл имарат бош турган — мейманкана катары 2007-жылдан тартып колдонулбай калган.

Мейманкана көп жылдан бери архитектуралык эстеликтер макамын алып президенттин иш башкармалыгынын балансында болуп келген. 2021-жылдын апрель айында Бишкек мэриясы «Ысык-Көл» мейманканасын архитектуралык эстелик макамынан ажыраткан.

Бийликтин мейманканынын имаратын сүрдүрүү планы 2021-жылдын декабрь айында ачыкка чыккан. Анда президенттин администрациясынан «Ысык-Көл» мейманканасын эксплуатациялоо «мүмкүн эмес жана коркунучтуу» деп билдиришкен.

Ведомствонун маалыматына ылайык, мейманкананы калыбына келтирүү үчүн «жаңы имаратты курууга кете тургандай сумма керектелмек».

Мейманкананын ордуна мамлекеттик маанидеги жаңы административдик комплекс куруу пландалып жатат. Мындай чечим «акча каражаттарын рационалдуу пайдалануу, унаа жолдорун бошотуу жана борбордун эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу» максатында кабыл алынган.