Иллюстрация: Алина Печёнкина «Клооп» үчүн

«Клооп» 2019-жылы Кыргызстанда көмүр лицензиясынын көпчүлүгү депутат, аткаминер, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери менен алардын жакын адамдарына таандык болгонун аныктап чыкты. Бул тизмеде эрежен тыш Баткен облусунун Кадамжай районундагы көмүр кенин ачуу ийгилиги буюрган, карапайым ишкер Шабданбек Алимбаевдин «Уу-Таш» компаниясы болмок. Тилекке каршы андай болгон жок — «Уу-Таш» тууралуу уугуп калган рейдерчи-аткаминерлер карьерди тартып алып, ишкердин үй-бүлөнүн куру жалак калтырышкан.

Документтерди жасалмалоо, куралдуу чагымчылдык, ур-токмокко алуу жана окуянын башка деталдары Кыргызстанда кен иштетүү карапайым адамдар аралаша албай турган тармак экенин көрсөтөт.

2019-жылы октябрдын суук кечтеринин биринде Ош облусунун Кичи-Алай жайлоосуна үч киши келди. Алар үн катпай унаадан түшүп, көмүр кенине баруучу жолду тазалап жаткан экскаваторго жакын келип дөңгөлөктөрүнө бир нече жолу ок чыгарды. Нааразы болгон айдоочуну сөзгө-кепке келбей эле уруп-сабап, атылган октун гильзаларын жыйнап кетип калышты.

Милиция иш козгоду, бирок тергөө эмне менен аяктаганы белгисиз. Шайымбек Алимбаевдин айтымында, милиция экскаватордун айдоочусуна кол салгандарды таппай койгон. Болбосо айдоочу аны ургандардын бири Ош милициясынын жогорку кызмат адамы экенин айткан болчу.

Ошентип «Уу-Таш» карьерин — түптөлгөндөн бери бийлик менен да, чет өлкөлүк компаниялар менен да байланышы болбогон жападан жалгыз компанияны — басып алуу ушинтип башталган.

I Бөлүм

Кыргызча кыялдануу

Бул окуядан эки жыл мурда, 2017-жылы, Ош облусунун тургуну Шабданбек Алимбаев Кадамжай районунун тоолорунда аңчылыкта жүрүп, чачылган көмүргө кездешип калат. Тереңирээк казып көрүп, кимдир бирөө алып келген калдык эмес, кадимки көмүр кени экенине көзү жетет. Ошентип жеке көмүр карьерин ачуу идеясы пайда болот.

Шабданбек колунда бар адам болгон: Ысык-Көлдө конок үйү жана кафеси бар эле. Бирок 1,2 млн тонна көмүр кени бар, миллион доллар киреше алып келчү мүмкүнчүлүгү бар карьердин жанында, сезондо гана киреше берген чакан бизнес эмне болуп калыптыр?! Кыргызстан түштүгүндөгү тоолордо мындай жүздөгөн казылган краьерлер бар. Жергиликтүү көмүрдүн сапаты анча эмес болгону менен, бул шахтерлорго туруктуу киреше алып келген, өлкө үчүн жылуулуктун эң негизги каражаты болуп келет.

Кен ачуу идеясын Алимбаев досу Алтынбек Насировго айтып берет. Ал [досу] дароо эле Шабданбекке өнөктөш — Адилет Жунушалиевди — таап берет. Насировдун айтымында, Адилетте мындай иште зарыл делген тажрыйба, акча, техника бар болчу..

Иллюстрация: Алина Печёнкина «Клооп» үчүн

Чынында эле Жунушалиев менен иш жүрүшө баштайт: өнөктөштөр «Уу-Таш» ишканасын каттоодон өткөрүп, кенди чалгындоого лицензия алышат. Муну уккан Насиров мен дагы «долядамын» деп айтып, Кытайдан көмүрдү ташуу үчүн Howo үлгүсүндөгү он чоң жүк ташуучу унаа алып келүүнү убадалайт.

Насиров долларлуу миллионер эмес болчу, бирок Шабданбек Алимбаев досуна ишенип, болочокто алып келе турчу унаалардын эсебинен компаниянын үчтөн бирин карматат. Мындай кадпыстык кийин үй-бүлөсүнө кандай кайгы алып келерин ошол кезде билсе го… 

II Бөлүм

Өмүргө тете тобокел  

Көмүрдү табуу — иштин жарымы эле, андан соң казып алуу, кийин сатуу деген бар. Ал үчүн жол салыш керек, мындан улам тоолуу аймакта нөлдөн баштап жол курууга туура келген. Аз келгенсип, зоокалар көп болгондуктан, аларды талкалоого туура келген. 

Бирок ишканага көп акча, убакыт жана күч жумшаган Шабданбек тобокелге барууну чечет. Техниканын ижарасын, күйүүчү май жана иштеген жумушчулардын акысын бериш үчүн колундагы болгондун баарын: кафе, Ысык-Көлдөгү коттедж, үй-бүлөсү жашаган жер тамын сатат. Ага кошумча карыз алат, анын ичинде банктардан бир канча миллион. 

Карьерди даярдоо иштери кызуу жүрүп жатканда Алимбаев өзүн жаман сезе баштап, текшерүүдөн өтүп залалдуу шишик менен ооруп калганын билет. Рактын болгондо дагы төртүнчү даражасы. Шабданбек дарыланууга кетип, ишти бир тууганы Шайымбекке өткөрүп берет. Бирок операция менен терапия жардам бербей, 2019-жылдын ноябрында бизнестин негиздөөчүсү көз жумат. 

III Бөлүм

Дөңгөлөккө ок атуу 

Алимбаевдин көзү тирүүсүндө эле досу жана өнөктөшү Алтынбек Насиров Ош милициясынын кайгуул кызматынын башчысы Нурматовго карыз болуп калганын айтат. Карыздын ордуна карьердеги үлүшүн бермек болгонун, аны милиционердин кайненеси Салтанаткан Маматова өткөрүүгө аргасыз экенин билдирет. Карыздын суммасын, чын эле бересеси бар-жогун ошол кезде оор абалда жаткан Шабданбек текшере да алган эмес. 

Нурматов өзүн дароо эле «Уу-Таштын» кожоюнундай сезе баштаган дейт Шайымбек Алимбаев. Бир жолу милицияга коңшу райондун тургундарынан арыз түшкөн. Алардын айтымында, алар кенге барчу жолдун боюнда чачылган көмүрдү эски унаасына чогултуп жатканда, аларды Нурматов, Насиров жана дагы бир шериги байкап калышкан. Аларды кармап, сабап анан унаанын номурун жана документтин тартып алып, «көмүрдү уурдаганы» үчүн сотко беребиз деп коркутуп, 100 миң сом талап кылышкан. Унаанын ээси акча берип, документти жана номурду алып кетип, кийин милицияга кайрылышкан. Бирок иш эмне менен бүткөнү белгисиз. 

Болжолу менен ошол убакта дагы бир таң калыштуу окуя болот. Нурматовдун тааныштарынын бири Шаимбек Алимбаевди биз башында сөз кылган экскаватор иштеген жайытка чакырат. Анан ошол экскаватордун жанынан аны эмнегедир видеого тартып алган. Ал эми эки күндөн кийин Нурматов менен Насиров жайытка барып, экскаватордун дөңгөлөгүн аткылап салышкан. Кийинчерээк, Шайымбектин айтымында, Нурматов ага далил катары видеону көрсөтүп, экскаватордун дөңгөлөгүнө ок чыгарган сен болчусуң деген таризде кеп чыгарган. 

«Алар мени салып берип койгулары келген», – дейт Шайымбек. 

Ошол эле адамдар Шабданбек каза болгондон кийин анын жесир калган аялын коркутуп, сотко кайрылчу болсоң балдарынды уурдап кетебиз деп убада беришкен.  

Кийин Алтынбек Насиров маалымат жыйынын өткөрүп, өзүн «Уу-Таштын» башкы директору деп тааныштырып, Шаимбек Алимбаевдин бардык айыптоолорун эл алдында четке каккан. Ал экскаватордун дөңгөлөгүнө Шайымбек ок аткан деп айтып, ишти УКМК терген жатканын кошумчалаган. Ал эми жолдо көмүр чогулткандар анын каралап жатканын, ошол үчүн дагы уруп-сабады дегенден кийин жарым жылдан кийин милицияга арыз жазышканын айтып берген.  

Иллюстрация: Алина Печёнкина «Клооп» үчүн

IV Бөлүм

Рейдерчилер сахнада 

Ош милициясынын жогорку кызмат адамына экскаватордун дөңгөлөгүнө ок чыгарган сценарий эмне үчүн керек болгон? Шайымбек Алимбаевдин пикиринде, ушундай ыкма менен байкесинин мурдагы өнөктөштөрү аны куралдуу бейбаштыкка күнөөлөп, абака отургузууга аракет кылган. Мындай жол менен үй-бүлөлүк бизнестин мураскорунун көзүн тазалашмак. Мыйзам боюнча мураскор эмес, бирок иш жүзүндө: анткени байкеси өлүм алдында жатканда болгон мүлкүнөн кол жууган аялынын жана жашы жете элек балдардын кызыкчылыгы үчүн иш жүргүзүүнү инисине тапшырган болчу.

Бирок рейдерлер башка жол тандашкан. Шабданбек жерге берилгенден кийин, иниси Нурматовдун кайненеси маркумдун үлүшүн өзүнө өткөрүп алып, «Уу-Таш» компаниянын башкы директору болуп калганын билген.  

Алимбаевдердин үй-бүлөсү сотко кайрылган. Сот процессинин жүрүшүндө подполковник Нурматов жана анын кайненеси Салтанаткан Маматова, мурдагы досу Алтынбек Насиров бир добуштан: Шабданбек өлүм алдында жатканда нотариуска барып, үлүшүн Маматовага берүү тууралуу документке өзү кол койгон деп ишендиришкен. Бирок ооруканадан алынган маалымкат тап-такыр башканы айтып турат: ал кезде бейтап Шабданбек Ош онкологиясында операцияда жаткан. Ал эми кол тамгага жүргүзүлгөн бир канча экспертиза карьердин негиздөөчүсүнүн колу жасалма экенин көрсөткөн. 

Жыйынтыгында сот жогорку кызматтагы милиционердин кайненесин документтерди жасалмалоого күнөөлүү деп таап, бирок иштин «мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу» дароо эле бошоткон. Таң калыштуусу, жасалма бүтүмдү күбөлөндүргөн нотариуска карата дагы сот жеңил жаза берген — үч жыл нотариустук ишмердигин жүргүзүүгө тыюу салган.  

V Бөлүм

Муштум геологиясы

Сот Алимбаевдердин үй-бүлөсү тарапта болгону менен, көмүр карьерин кайтарып алууга жардам берген жок: рейдерлер Мамгеологияны өз жагына оодарып кетишкен. Бул ведомство аукциондордо ишкерлерге кендерге чалгындоо жүргүзүүгө жана казууга лицензияларды сатат. Бул лицензия иш жүзүндө кенге ээлик кылуу укугун берет. 

Көрсө, жасалмаланган документтер жокко чыгарылганга чейин эле Маматова ишкананын директору катары Мамгеологиядан «Уу–Таш» кенине чалгындоого берилген лицензияны, башка фирмага — «Ысман-Тоо» ЖЧКсына берүүнү өтүнгөн экен. Алимбаевдердин үй-бүлөсүнө бул компаниянын эч кандай тиешеси жок болчу. 

Мамгеология башында соттук териштирүүлөр жүрүп жатканын айтып баш тарткан. Бирок Маматова кайра даттанып, анысы ийгиликтүү аяктаган. Ошентип, маркум Шабданбек Алимбаев көмүр кенин ачкан тоолуу аймактагы участкага көзөмөлдүк кылуу тап-такыр чоочун адамдарга өткөн.  

Муну уккан Шаимбек Алимбаев таанышын ээрчитип Мамгеологиянын башчысы Мелис Сатыбековдун кабылдамасына барган. Бирок сүйлөшүү ойдогудай болгон эмес: Шайымбек Алимбаевдин айтымында, жогорку кызматтагы аткаминер ошол эле жерден Нурматовго чалып, күтүп турууну сунуштаган. Алар имараттан чыкканда көчөдө подполковник Нурматов үч жаш жигит менен тосуп алган. Шайымбек менен досун мыкаачылык менен сабап кетишкен. Окуяны кимдир бирөө видеого тартып алган. Бул иш азыркыга чейин тергөөдө каралып жатат.

VI Бөлүм

Иште депутат пайда болду 

2022-жылы көмүр кенине байланышкан окуяда жаңы катышуучу пайда болот — таасирдүү жана макамы бийик — курулуш тармагындагы ишкер, Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу.

Рейдерчилер менен күрөшүүгө алы жетпей баратканын түшүнгөн Шайымбек Алимбаев жардам сурап депутатка кайрылган. Ал Коргонбай уулуну жакындан тааныйт, анткени шайлоодо үгүт иштерин жүргүзгөн. Шайымбектин айтымында, депутат жооп катары «Уу-Таш» ишканасындагы анын үй-бүлөсүнүн үлүшүн 100 миң долларга сатып алууну сунуштаган. Жада калса күбөлөрдүн көзүнчө ага 2000$ карматып, аны видеого тартып алган. Бирок Шайымбек сунушка макул болоюн деп калганда, депутат күтүүсүз жоголуп кеткен. 

Көп өтпөй Шайымбек Коргонбай уулу рейдерлик кылгандар менен келишимге барууну артык көргөнүн билген: «Ысман-Тоо» ишканансы үчүн ал милиционер Нурматовго 520 миң доллар төлөп берген.

Кийин Коргонбай уулу «Клоопко» курган маегинде «Ысман-Тоо» ишканасын сатып алганын четке кагып, бул иште тек гана ортомчу болгонун, компанияны «инвестор инилерине» алып бергенин айткан. Бирок «Клооп» 2022-жылы «Ысман-Тоонун» жаңы кожоюну пайда болгонун аныктап чыккан – ал 26-жаштагы ММА боюнча балбан Багыш Жармаматов. Бул адамга «Мармара стоун» аттуу компания катталган, Жусупбек Коргонбай уулу депутаттыка чейин ошол жерде башкы директор болуп келген. 

Жармаматов – номинал жана депутаттын эң жакын ыйгарым укуктуу өкүлү.  Саясатка аралашкандан кийин Жусупбек Коргонбай уулу «Мармаре стоун» жана башка: «КейДжи Восток добычасервис», «Кок-Жатык»  жана «Жус-Бек компанидеги» ишканаларын башкарууну ишенип тапшырган. Дал ушул «КейДжи Восток сервис» ишканасы куруп жаткан имарат түн бир оокумда коңшу жайгашкан турак үйдүн үстүнө кулап түшкөндө компаниянын кызыкчылыгын Багыш Жармаматов коргогон.  

Курулушчу-депутат оштук милиционерден бизнес сатып алды деген жаңылык соцтармактарда кызуу талкуу жараткан – эки чиновник келишим түзүп жатканын кимдир бирөө видеого да тартып алган. Ош шаардык Кайгуул милициясы видеодогу адам мекеме башчысы Болот Нурматов экенин тастыктап, бирок комментарий берүүдөн баш тарткан. ИИМ менен УКМК дагы комментарий алууга жеткиликсиз болуп турган. Ал эми «Ысман-Тоону» кайрадан каттоодон өткөрүшкөн – бул ирет көп деле таанымал эмес бильярд оюнчусу Сейдали Маликовдун атына жазылган. Ал киши да депутатттын жакыны болуп чыккан: Коргонбай уулу Маликовду тайкем деген

VII Бөлүм

Көмүр — бийликтин дагы бир аты 

Кендин маркум негиздөөчүсү Шабданбек Алимбаевдин үй-бүлөсүнө таандык «Уу-Таш» компаниясы азыр деле бар. Бирок акыйкат издеп мүдүрүлгөн иниси Шайымбек дагы, балдары менен көчөдө калган жесири дагы карьерге ээ эмес. Ал жакты мурда милиционерге, азыр депутатка таандык болгон «Ысман-Тоо» компаниясы тескеп жатат.  

Алимбаевдердин үчүнчү өнөктөшү Жунушалиев 2020-жылы өз үлүшүн парламент депутаты Шайлообек Атазовдун жардамчысына — мурдагы мамлекеттик кызматкер жана ишкер Токтосун Жамаловго саткан. Азыр Жамалов Алимбаевдер менен чогу «Ысман-Тоо» жана Мамгеология (азыр Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдында) менен карьер үчүн соттошуп келет. 

2022-жылдын 31-январында Жогорку сот Алимбаев менен Жунушалиевдин  арызынын негизинде «Ысман-Тоо» компаниясына кенди чалгындоого укугу мыйзамсыз берилген деп тапкан. Бирок «Ысман-Тоонун» өкүлдөрү жана аларды колдогон Жаратылыш ресурстары министрлиги  чечим менен макул болбой апелляциялык арыз беришкен.

Кенде көмүр казуу иштери 2021-жылдан бери жүрүп келет. Болбосо, ошол эле Жаратылыш ресурстары министрлигинин маалыматына ылайык, Насировго да, милиционер Нурматовго да, депутат Коргонбай уулунун өкүлдөрүнө да кенди иштетүү үчүн лицензия берилген эмес. 

Шабданбек Алимбаевдин үй-бүлөсү көмүр кенин сактап кала алат беле?  Бизге жеткен маалыматтар боюнча, маркум ишкер кенди казууга жана техника ижарасы үчүн баары бир акчаны карызга алмак. Ошондой эле кредиторлор ушул же башка жол менен кирешелүү активден үлүшкө ээ болмок деген божомол жогору.

Маселе, бизнести негиздеген адамды ур-токмокко алып, ок атып, документтерди жасалмалоо менен коштолот беле дегенде? Баарынан да, өлкөдө сот адилеттиги иштейби? 

Шабданбек Алимбаевдин артында аялы жана төрт баласы калды. Азыр алардын керек болсо өз үйү да жок. Балдардын келечегине тынчсызданган агасынын Жусупбек Коргонбай уулунан алдын ала төлөм катары алынган 2 миң доллардан башка каражат алуу аракети да текке кетти. Үй-бүлө жок дегенде үй ээси бизнеске салган каражаттан бир нерсе кайтарып алгысы келет. Бирок соттор оң чечим чыгарганы менен, бизнести тартып алгандар менен адилет келишим түзүүгө ниеттенгени менен бул мүмкүн болбой келет. 

Бул таң калыштуу деле эмес. «Клооптун» журналисттери 2019-жылга чейин Кыргызстандын көмүр кендерин чалгындоого жана иштетүүгө берилген лицензияларга ээ болгон компаниялар тууралууу маалыматтарга анализдеди. Берилген 338 лицензиянын жок эле дегенде жарымы аткаминерлер, депутаттар жана башка бийликтеги адамдар менен байланышы бар компанияларга өткөнү аныкталды. 

Бул статистикага «Ысман-Тоо» компаниясы толук дал келет. Компаниянын директору Эрматбек Исмаилов Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Папан айыл өкмөтүн жетектеген. 2018-жылы ал мыйзамсыз жер сатуу боюнча кылмыш ишинин фигуранты болгон. Исмаилов менен Тилек Матраимовго кылмыш ишин козгоого тоскоолдук кылды деген айып коюлган. Ал эми парламентте Жусупбек Коргонбай уулу оппозициядагы депутаттарды коркуткан УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевди мактап отурат. 

«Ушул жердеги депутаттардын үчтөн бири Камчыбек Ташиевдин артынан өсүп келе жатат», — деп билдирген Коргонбай уулу. 

Балким, бул өзүнө да тийиштүү болушу мүмкүн: Шайымбек Алимбаев менен Токтосун Жамалов азыркы тапта Коргонбай уулу парламенттеги кесиптеши Шайырбек Ташиев — УКМКнын башчысынын иниси —менен кенди биргелешип казып жатканын айтып жатышат. 

Биз Нурматов менен Коргонбай уулуна байланышканга аракет кылдык, бирок ийгиликсиз. Депутат телефон чалууга жооп берген жок. Ош милициясы аркылуу подполковник Нурматов менен дагы байланышуу мүмкүн болгон жок – «Клооп» ага болгон суроолорду Кыргызстандын ички иштер министри Улан Ниязбековго жөнөттү. Кат түрүндөгү өтүнмө Жусупбек Коргонбай уулуна дагы жиберилген. Бирок, ансыз деле биз ишенимдүү айта алабыз: жалпысынан Кыргызстанда менчиктин бир гана түрү иштейт – бул бийлик. 

Авторлор: Арууке Солтоной, Екатерина Резникова, Виктор Мухин

Фактчек: Зулайка Эркимбаева

.