Жогорку Кеңеште үчүнчү окууда мамлекеттик тил жөнүндө мыйзам долбоору кабыл алынды

Жогорку Кеңештин депутаттары 31-майдагы жыйында үчүнчү окууда «Кыргызстандын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамдын долбоорун кабыл алышты.

Парламенттин басма сөз кызматынан мыйзам долбоору мамлекеттик тилди колдонуунун укуктук негиздерин түзүүгө жана мамлекеттик тил саясатын ишке ашырууга багытталганын билдиришти.

«Мамлекеттик тилдеги расмий документтер жана ченемдик укуктук актылар түп нуска болуп эсептелет», — депбелгилешти Жогорку Кеңештен.

Мыйзам долбоорунда дагы эмнелер каралган?

Мамлекеттик тил жөнүндө жаңы мыйзамдын долбоорун Министрлер кабинети демилгелеген, ал эми аны иштеп чыгуу ишин Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия алып барган.

Негизги өзгөрүүлөрдүн бири кыргыз тили мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана мамлекеттик ишканалар үчүн жумушчу тил болот.

Мындан тышкары, кыргыз тили төмөнкү учурларда дагы колдонулууга тийиш:

  • шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүү процессинде;
  • сот өндүрүштөрүндө, Куралдуу күчтөрдө, укук коргоо органдарында;
  • Кыргызстан өзү катышып жаткан эл аралык келишимдерди түзүүдө;
  • ченемдик укуктук актыларда, иш кагаздарында жана документтерди жүгүртүүүдө;
  • мамлекеттик бийлик органдарынын, башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, менчиктин бардык түрүндөгү уюмдардын аталыштарында;
  • географиялык аталыштарда жана топонимика объекттеринин аталыштарында, ысымдарда;
  • товар жана кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматтарда;
  • нотариалдык кеңселерде, жаранындын ким экендигин ырастоочу документтерди тариздөөдө, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктөрдүн бланктарын даярдоодо, билими жөнүндө жана (же) квалификациясы тууралуу документтерди жана мамлекеттик үлгүдөгү башка бланктарды тариздөөдө;
  • билим берүү, илим, маданият, телекөрсөтүү жана радиоуктуруу, жалпыга маалымдоо каражаттары, китеп басып чыгаруу, компьютердик программалардын жана веб-сайттардын колдонуучу интерфейстери, коомдук иш-чаралар, жарнама, транспорт, керектөөчүлөрдү тейлөө чөйрөлөрүндө жана башка коомдук тармактарда.

Мыйзам кабыл алынганга чейин депутат Дастан Бекешев документтен тышкы жарнама үчүн мамлекеттик тилдеги текст мамлекеттик орган менен макулдашылышы керек деген пунктун алып салуу керектигин айткан. Анын айтымында, аталган пунктта коррупциялык тобокелдиктер бар болчу. Бирок ченем документте калтырылган.

Документте мамлекеттик тилди кызматтык милдетин аткарып жатып кимдер сөзсүз билүүгө тийиш экени дагы жазылган:

  • Бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер;
  • Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү кеңештердин депутаттары;
  • Улуттук банктын кызматкерлери;
  • ички иштер жана башка укук коргоо органдарынын офицердик жана жетекчилик (орто жана жогорку) курамындагы адамдар, башка органдардын атайын наамдар ыйгарылуучу кызмат адамдары;
  • ички иштер органдарынын жана башка укук коргоо органдарынын атайын наамдар ыйгарылуучу катардагы, сержанттык жана старшиналык курамындагы адамдар;
  • судьялар;
  • прокурорлор;
  • адвокаттар;
  • нотариустар;
  • Менчигинин түрүнө карабай бардык билим берүү мекемелеринин жетекчилери;
  • билим берүү мекемелерине жана/же илимий мекемелерге чакырылган жана илимий, педагогикалык, илимий-педагогикалык кызматкерлер же чет тилинин окутуучулары катары убактылуу негизде иштеп жаткан чет өлкөлүк жарандардан же жарандыгы жок адамдардан тышкары, педагогикалык, илимий-педагогикалык жана илимий кызматкерлер;
  • мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо мекемелеринин медицина кызматкерлери;

Мыйзам долбоорунда мамлекеттик тилдин милдеттүү колдонулушу Кыргызстандын этносторунун эне тилдерин жана башка чет тилдерди пайдалануу укугун жокко чыгаруу же чектөө катары чечмеленбеши керектиги баса белгиленген.

Ошондой эле документте кыргыз адабий тилинин алфавити жана орфоэпия, орфография эрежелери Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилери айтылат.