УКМК: Бийликти күч менен басып алуу максатында башаламдык уюштурууну көздөгөндөр кармалды

УКМК «бийликти күч менен басып алуу максатында массалык баш аламандык жана баш ийбөөчүлүк акцияларды уюштурууну көздөгөн» адамдар кармалганын 6-июлда тастыктады.

Маалыматка ылайык, 5-июнда жалпы 30 киши УКМКга жеткирилген. Атайын кызматтан аталган топтун уюштуруучусу жарандык активист, «Элдик Кеңеш» саясий партиясынын төрагасы Роза Нурматова экенин белгилешти.

«Анын жетекчилиги астында, бийликти күч менен басып алуунун пландарын талкуулоо менен тиешеси бар адамдарды мамлекеттик структураларга каршы үгүттөөгө багытталган жашыруун жолугушуулар үзгүлтүксүз өткөрүлгөн. Уюшкан топко коомдун ар кайсы катмарынан жана өлкөнүн ар кайсы аймактарынан 100дөн ашык адам тартылган, алардын ортосунда конкреттүү милдеттер так бөлүштүрүлгөн», — дешти УКМКдан.

Ошондой эле аталган топ жыл бою «катарына тарапкерлерди чакырып, өлкөдөгү эң нааразы болгон адамдарды тартканы, коомдо кайсы бир окуяга нааразычылык пайда болгондо, дароо өздөрүнүн кылмыштуу пландарын ишке ашырууну көздөшкөнү» айтылат.

УКМКдан топтун уюштуруучусу Роза Нурматова жана анын шериктери Н.Р.С., И.Г.С., М.А.Ж. жана Д.Т.А. «күнөөсүн мойнуна алганын» белгилешти.

«Тинтүү учурунда алардын кылмыштуу ниетин тастыктаган буюм далилдер алынды. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда иштин башка жагдайлыран жана ага тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө», — дешти атайын кызматтан. 

Буга чейин бир катар ЖМК укук коргоо органдарындагы өздүк булактарына таянып «бийликти күч менен басып алууга шектүүлөр» кармалып жатканын жазган

«AКИpress» басылмасы кармоо Бишкекте жүрүп жатканын билдирген. Айрым басылмалар шектүүлөр кармалып жатканы тартылган видеолорду дагы жарыялашкан.

Ушундай эле массалык кармоолор өткөн жылдын октябрында да катталган. Анда Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы чыккан 30га чукул активист жана саясатчы кармалып, аларга «Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген айып тагылган.

Кармалгандардын баары Кемпир-Абаддын Өзбекстанга өтүшүн ачык сынга алганы үчүн «саясий негизде» камакка алынганын айтып келишет.