ЖМК: УКМК «мамлекеттик төңкөрүш уюштурмак делген адамдарды» жапырт кармап жатат

Маалымат жаңыртылып турат

Бир катар ЖМК укук коргоо органдарындагы өздүк булактарына таянып «бийликти күч менен басып алууга шектүүлөр» кармалып жатканын жазды. AKIpress басылмасынын маалыматына ылайык, кармоо Бишкекте жүрүп жатат.

Бирок азыр кимдер кармалып жатканы, алардын кимдер менен байланышы бар экени, так эмнени пландашканы белгисиз. Kaktus.media’нын маалыматына ылайык, «адамдардын тобу бийликти күч менен басып алууга даярданып» жаткан. Журналисттер атайын кызмат «бардык активдүү катышуучуларды кармап жатканын» жазышты.

ЖМК шектүүлөр кармалып жатканы тартылган видеолорду дагы чыгарды.

УКМКнын өзү буга байланыштуу комментарий бере элек.