«Аял ооруканада көз жумган». Ысык-Көлдө сот жубайын сабоого айыпталган кишини бошотту

«Сезим» крисизтик борборунун директору Бүбүсара Рыскулова 7-июнда өткөн маалымат жыйынында Ысык-Көл райондук соту аялын ур-токмокко алууга айыпталган кишини бошотконун айтып чыкты. Аял алган жараатынан улам көз жумган.

Рыскулованын айтымында, окуя 2022-жылдын май айында, Чолпон-Ата шаарында болгон. Анда 50 жаштагы киши 44 жаштагы аялын катуу сабап салган, кийин ал ооруканада көз жумган. Эркек мас абалында болгон. 

«Андай жаракаттан кийин аман калуу мүмкүн эмес болчу», — деп кошумчалады укук коргоочу. 

Рыскулова сот айыпталуучу кылмышты аффект абалында жасаган деп эсептеп, эки жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарганын, бирок ал 13 ай ТИЗОдо жатканын эске алып сот залынан бошотулганын айтып берди. 

«Биринчи соттук-психиологиялык экспертизанын жыйынтыгында айыпталуучу кылмыш жасаган учурда өзүнүн аракетине жооп бере турган абалда экени белгилүү болгон. Белгилүү бир убакыт өткөндөн кийин жоопкер тарап экинчи экспертиза өткөрүп, анда психиатрлар ал аффект абалда болгон деген жыйынтык чыгарышкан», — деди ал.

Укук коргоочу соттук психиатрлар окуя тууралуу бир гана айыпталуучунун версиясын угушкан, ал боюнча «жоопкер аялын жакшы көргөн, ошондуктан кызганып, таштап кетет деп корккон».

Маркумдун бир тууганы Асел Сакешова жубайлардын төрт баласы бар экенин жана алар 20 жыл бирге жашаганын айтып берди. Анын айтымында, шектүү мурда үй-бүлөсүнөн кетип калып, башка аял менен беш жыл жашагандан кийин кайтып келген. 

«Бирок кийин кайра кайтып келип, биринчи аялынан кечирим сурап, чогуу жашап калышкан. Эки айча жашагандан кийин ал эжемди өлтүрүп тынды», — деди маркумдун бир тууганы.

Сакешованын айтымында, айыпталуучу «Бакай банкта» башкы эсепчи болуп иштечү. Кийинчерээк айыпталуучу менен беш жыл чогуу жашаган аял да зомбулук көргөнү, «ага унаасын берип кутулганы» белгилүү болгон. 

Адвокат Зиягүл Арналиева адам өлүмүнө алып келген кылмышка карата чыгарылган өкүм мынчалык жеңил болбошу керек деп белгиледи. 

«Сот иш жүзүндөгү жагдайларга көңүл бурбай, жабырлануучунун жана айыпталуучунун жүрүм-турумуна баа берген эмес. Сот айыпталуучунун аракеттерин кайра классификациялап, 2 жылдан кем эмес мөөнөт берди», — деди ал.

Аялдарга карата зомбулук

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандардын саны алты жыл ичинде дээрлик үч эсеге өскөн. Авторлор 2015-жыл менен 2021-жылга карата маалыматты салыштырган. Жабыркагандардын басымдуу бөлүгү — 96% — аялдар.

Корутундуда 2021-жылы катталган 10 151 үй-бүлөлүк зомбулуктун 256 учурунда гана (2,5%) кылмыш иши козголгон. 2021-жылы кризисттик борборлорго 15 696 адам кайрылган. Анын 12 559ун аялдар түзгөн. Кайрылуулардын басымдуу бөлүгү үй-бүлөлүк зомбулук боюнча болгон.

Көпчүлүк учурда агрессорлор — жакын тааныш кишилер, күйөөсү, өнөктөшү же коңшусу, ал эми жабырлануучулар — аялдар.

Ошол эле учурда, укук коргоочулар аялдарга карата зомбулуктун масштабы укук коргоо органдары берген сандардан кыйла айырмаланат деп эсептешет. 

Буга укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин аялдардын күйөөлөрү, жарандык никедеги чогу жашаган адамдары же мурдагы өнөктөштөрү тарабынан өлтүрүлүшүнө көз жумуп коюшу да себеп. Адатта аялдын эркек киши тарабынан өлтүрүлүшү фемицид деп аталат. 

Фемицид— адатта эркектердин кыз-келиндерди жек көргөндүктөн, гендердик басмырлоонун натыйжасында жана/же мамлекет гендердик зордук-зомбулукка билип туруп көз жумуп койгондугу үчүн өлтүрүлүшү.

Фемицид эркек аялдан жогору турат деген идеядан келип чыгат, мисалы, аял кишини өз менчиги катары көрүүдөн улам пайда болот. 

Фемициддин негизги критерийлерине аялдар экинчи сорттогулар деген идеянын, кызгануунун, маданий эрежелердин («аял кылышы-кылбашы керек»), жыныстык мамиледен жана никеге туруудан баш тартуунун, ала качуунун негизинде, эркек киши менен кандайдыр бир мамилени токтотуу учурундагы жана башка ушундай себептүү өлтүрүүлөр кирет.

Эгерде сиз же сиздин жакыныңыз зордук-зомбулукка кабылган болсо, өлкөнүн төмөнкү даректердеги кризистик борборлоруна кайрылыңыз:

  • «Шанс» кризистик борбору — Бишкек, Чүй проспекти, 207, 509 батир, телефон: 0709710320;
  • «Сезим» кризистик борбору — Бишкек, Табышалиев көчөсү, 3, телефон: 0312512640;
  • ОО «Энсан — Диамонд» — Ош, Ленин көчөсү, 205/105, телефон: 0772328960, 0322222965;
  • «Акылкарачач» кризистик борбору — Ош облусу, Гүлчө айылы, Набережная көчөсү, 1, телефондор: 0555281423, 0776281423;
  • «Аруулан» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү, 205, телефондор: 0776380777, 0322255608;
  • «Ак журок» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү, 205, телефондор: 0550231329, 0322245976;
  • ОО «Мээрбан» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү, 312/23, телефон: 0773843461;
  • НПО «Тендеш» кризистик борбору — Нарын, Кыргыз көчөсү, 31/3, телефондор: 0700257890, 0352250270, 03522295047;
  • «Аялзат» коомдук фондунун алдындагы «Маана» кризистик борбору — Талас, Тагайбаев көчөсү, 274/2, телефондор: 0557484713, 0342255885;
  • «Жаныл Мырза» кризистик борбору — Баткен, Сыдыков көчөсү, 3, телефон: 0777393077;
  • «Каниет» кризистик борбору — Джалал-Абад, Б.Осмонов көчөсү, 113, телефон: 0372255084;
  • ОО «Аялзат — развитие женских инициатив» — Каракол, Абдрахманов көчөсү, 105-14, телефондор: 0392251091, 0553835717;
  • «Алтынай» кризистик борбору, Чолпон-Ата — 0709694550;
  • «Мээрман» кризистик борбору, Каракол — 0706383637;
  • Аялдарга жардам берүү жана реабилитациялоо борбору «Химая», Каракол — 0702223535, 0551733390.

Тема боюнча:

«Аны баары бир өлтүрмөкмүн». Кыргызстандагы фемицид тууралуу «Клооптун» изилдөөсү

«Врач болгусу келген Бурулай». Ала качууга дуушар болгон кыз кантип бычакталып каза тапты?

Кыргызстанда ала качууга каршы берене дээрлик иштебейт. Сот иштеринин анализи