Сүрөт: «Турмуш» басылмасы

12-июнда Ош шаарынын 31 жаштагы тургуну «Достук» өткөрмө бекетинин кызматкерлери тарабынан сабалып, орой мамилеге кабылганын айтып, милицияга арыз менен кайрылган. Учурда ишти Аскер прокуратурасы иликтеп жатат.

Ал эми УКМКга караштуу Мамлекеттик чек ара кызматы аталган маалыматты төгүндөп, арыздануучу өзү өткөрүү пунктундагы аскер кызматкерине «орой мамиле жасап, уруш чыгарууга аракет кылган» деп билдирди.

Эмне болду?

12-июнда Өзбекстандан келе жаткан жаран Хожамберди Каримкулов уулу — Ош шаарынын 31 жаштагы тургуну Арман Хожамбердиевди — «Достук» өткөрмө бекетинин төрт кызматкери сабап, орой мамиле көрсөткөнүн айтып чыкты.

«Ичкериде унаа жок экенин айтып бизди өткөрүп жиберүүнү сурансак, “азыр, унаа чыгып кетсин” деди. Жарым саат турдук, анан дагы барып сурансак “Э, тур ары, чычкак, сенден сурап өткөрөмбү? Өзүм каалаганда өткөрөм” деди. Ошол жерде ызы-чуу болуп, унаанын ээси мен болгонума карабастан мени жөө өткөрүп, баламды унаа менен алып кирип кетишти. Жөө өтүп чыксам, балам жок, издеп барсам, ур-токмокко алып, коркутуп отурушуптур», — деди жабырлануучунун атасы.

Ошондой эле ал, дароо тез жардам кызматына чалганын, бирок алар келген менен киргизбей коюшканын айтты. Ал эми чакырган милиция кызматкерлери «эч кандай аракет көрсөтүшкөн эмес».

Милициянын жообу

Ош облустук ички иштер башкармалыгы 13-июнда «Клоопко» «Достук» өткөрмө бекетинде бир жаран денесинен жараат алганы тууралуу кабар 12-июнда Кызыл-Кыштак аймактык милиция бөлүмчөсүнө келип түшкөнүн билдиришти.

Аталган маалымат милициянын электрондук журналына катталып, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу чыгышкан.

Алгачкы текшерүүдө, күбөлөр саат 10:40та «Достук» өткөрмө бекитинде Ош шаарынын 31 жаштагы тургунун бир жаран уруп, денесине жараат келтиргенин айтышкан.

Бул факт боюнча топтолгон материал Аскер прокуратурасына жиберилген.

Чек ара кызматы эмне дейт?

Ал эми УКМКга караштуу Чек ара кызматы кызматкерлер орой мамиле көрсөктөн деген маалыматты төгүндөп, тескерисинче арыздануучу өзү өткөрүү пунктундагы аскер кызматкерине «орой мамиле жасап, уруш чыгарууга аракет кылган» деп билдирди.

Атайын кызматтын маалыматында, Арман Хожамбердиев чек ара көзөмөлүнөн өтүү учурунда мамлекеттик чек арадан кезексиз, авто унааларды текшерүүчү кабина аркылуу өтүүгө аракет кылган. Ошондой эле ал чек арачылардын дарегине орой сөздөрдү айтып, чыр чыгарууга аракеттенген.

Ошондой эле аталган жаран чек ара режиминин эрежелерин жана мамлекеттик чек араны кесип өтүү тартибин сактоо боюнча аскер кызматкерлеринин талаптарын аткаруудан кескин баш тартканын, муну «өткөрүү пунктундагы видео тасма тастыктайт» деп билдиришти.

Чыр-чатактын алдын алуу максатында Хожамбердиев посттун кызматкерлери тарабынан кармалып, иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

«Чек ара кызматы мамлекеттик чек араны кесип өткөн жарандарды эрежелерди сактоого жана чек арачылардын талаптарын аткарууга чакырат. Коюлган талаптар бузулган учурда улуттук мыйзамдарга ылайык чаралар көрүлөт. Өткөрүү пункту — сезимтал объект жана бардык жарандар талаптарды аткарууга милдеттүү», — деп айтылат билдирүүдө.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Унаага зордоп салышат». Өзбекстандыктардын Оштогу таксисттерге даттануусу териштирилүүдө

«Жыргаганынан Оштон учпайт». Депутат таксисттерди өзбекстандыктарга өкүмзордук кылбоого чакырды